// //

Баламды башка үй-бүлөгө берип койдум

2018.03.07, 09:59
1464

 

Мен азыркы учурда аябай депрессия болуп жатам. Мени жакшы көрөм деген жигитимен боюмда болуп калган. Алдырганга эч көңүлүм барбады. Ал жигитим баланын мага кереги жок деп, башка кызга үйлөнүп алды. Баламды төрөп, балага зар болуп жүргөн үй-бүлөгө бердим. Окуумду бүтө элекмин, балам экөөбүз жалгыз кыйналып калабыз деп ойлодум. Ошондой эле баламдын ата мээримине зар болуп чоңоюсун каалаган жокмун. Бирок ай өтсө дагы баламды эч унута албай кыйналып бүттүм. Эч нерсеге көңүлүм жок. Эмне кылсам?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2018, 10:00

Бүбүсара Рыскулова

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог

 

Тилекке каршы сиз кабылган абал, классикалык окуялардын бири. Акыркы жылдары турмушта мындай учурлар көп кездешүүдө. Өзүңүздү кыйнап, жемелебеңиз. Чечим жасалып, болоор иш болуптур. Балким бизге эртерээк кайрылганыңызда абал башкача болот беле. Бирок бирөөнү күнөөлөгөнгө болбойт, чечим өз колуңуз менен жасалыптыр. Азыр балдарын даараткана сыяктуу ар кайсы жерлерге таштап жатышат. Андан көрө сиздин чечим жакшыраак. Албетте кыйналып, эстейсиз. Башыңыздан өткөн окуя жыргап жүрө турган нерсе эмес. Баарын убакыт чечет. Убакыттын өтүшү сиздин дартыңызга даба болуп бере алат. Ошондой эле биздин борборго келиңиз же 0312 56 26 40, 0312 31 64 66 телефондору аркылуу байланышып, психологдордон бекер кеңеш алыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт