// //

Күйөм мага көңүл бурбайт

2018.03.07, 09:50
3006

 

34 жаштамын. Үйлөнгөнүбүзгө 8 жыл болду. 3 балабыз бар. Быйыл күйөмдүн мага болгон мамилеси өзгөрдү. Ортодо сыйыбыз калбай бара жаткандай. Ал мага аял катары көңүл бурбай калды. Төрөгөнүмө 4 ай болду. Эмне кылсам? Үй бүлөнү сактап калуу аялдын милдетиби? Мен канчалык кечиримдүү болуп, абалды жакшыртуу үчүн аракет кылган сайын, ал мага сыртын салат. Чогуу жатсак, ары карап алат. Жаштыгымды минтип өткөрүүнү каалабайм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2018, 09:52

Бүбүсара Рыскулова

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог

 

Урматтуу айым, ортодогу мамилени сактоо эки адамдан көз каранды болот. Сүйүү, жактыруу илгичке пальтону илип койсо тура берет дегендей эмес. Ал дагы бир күнү кетет. Үч баланы атасыз калтырып басып кетүү оңой. Мамилени дагы бапестеп багып, сактаганга аракет кылып туруу керек. Айымдар баштапкы сезимдер өмүр бою сакталып калат деген жаңылыш ойдо болушат. Кийин бир-эки жыл өткөн соң, эмне себептен мындай болуп жатат деп ойлошот. Сүйлөшүп жүргөндө башка, биринчи балалуу болгондо башка сезимдер болот. Убакыттын өтүшү менен мамиле өзгөрүп турат. Жоопкерчиликти дагы билүү керек, ысык мамиле же сүйүүм бүттү деп баарын таштап кетип калууга болбойт. Бири-бири менен сүйлөшүп, эмне болуп жатат билүү зарыл. Бир жактан гана күнөө издебей, өзүңүздөн дагы издеңиз. Алсак айымдар башында өздөрүн карап, жолугушууга жасанып чыгышат. Турмушка чыккандан кийин төрөдүм бары бүттү деп, халат кийип, чачына бигуди коюп, толуп өздөрүн таштап коюшат. Ал эми эркектер көздөрү менен дагы сүйүшөт. Аракет кылып, ар бир маалда мамиле түзгөндү үйрөнүңүз. Болбой жатса психологго, сексапотологго кайрылыңыз. Эң оңой жолу ажырашып кетүү. Баягыдай болбосо дагы, мамилени жандандырса болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт