Үч жыл мурун зордукталгам
Мындан 3 жыл мурун курбумдун тууганы мас абалымдан пайдаланып зордуктап койгон. Айылга, туугандарга уят болбоюн деп үстүнөн арыз жазган жокмун. Андан кийин 1 бала менен мамиле түздүм, бирок ал да таштап кетти. Азыркы учурда колумду сурагандар бар, бирок кыздык намысым жок экенин айтсам дароо таштап кетишет. Эмне кылсам болот?
Каныша Кожогелдиева
КМУнун доценти жана психология илиминин кандидаты
Бирөө менен мамиле түзүүдө ачык айтуу эң жакшы сапаттардын бири болуп саналат. Алданып кала берүү сенин өзүңө гана зыян, бирок жүрүм-турумуңду оңдой турган болсоң сени эч ким алдай албайт. Мас абалыңды пайдаланып зордуктап койсо, демек сенин бош, туруксуз жагыңды билип алып ушул ишке барган. Мындай абалыңды аңдап алган адам алдай берет, сен алдана бересиң. Өзүңө болгон ишенимиң бошоң, өнүктүргөнгө аракет кылган эмессиң, бул өзгөчөлүгүндү башкалар билет дагы пайдаланышат. Андыктан өзүңө тың болгонго үйрөнүшүң керек.