// //

Өспүрүм курак тууралуу билгим келет?

2018.03.05, 17:47
2552

Өспүрүмдүк курак деген эмне? 15 жана 17 жаштагы окуучу үчүн кандай таасирлери бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2018, 17:51

Каныша Кожогелдиева

психолог

Өспүрүм курак кишинин психикалык өнүгүшүндөгү, анын инсандык калыптанышындагы маанилүү мезгил. Ушул куракта баланын аң-сезими, айланасындагы болуп жаткан нерселерди талдап баалоосу, ар нерсеге кызыгуусу өсөт. Бала бул мезгилде өтө баамчыл болуп, кыял-жоругу өзгөрөт, таарынчаак келет, айрымдары бой көтөрүп, таш боор боло баштайт, ошондой эле кээсинде уялчаактыгынан жапа чегип, түнт мүнөз пайда болот. Бул куракта өз боюна, сырткы көрүнүшүнө абдан көңүл бурат. Өспүрүмдөр психика жана күч жагынан өсүп жетиле элек болгондуктан, алардын психикасындагы карама-каршылыктар даана байкалат. Алардын айрым кыял-жоруктары чектен чыккан сыяктуу сезилет. Негизи өспүрумдүк куракты алганда көбү адаша берет. Өспүрүм курак паспортук курак менен ала турган болсок 11 жаштан 16, 17 жашка чейин. Сен 15, 17 деп белгилеп жатасың өзүң ушул куракта окшойсуң. Бул жерден сен паспортук куракты эске алып жатсаң керек. Психологиялык курак дегенди да эске алуу керек. Нормада өнүгүп жаткан өспүрүмдүк курак 16 жаштан токтойт, бирок айрым жаштар бар өзү 20 га чыкса да психологиялык курагы 14, 15 жаш болушу мүмкүн. Эгер өзүңдүн психологиялык курагыңды билгиң келсе психологдорго кайрылсаң болот.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт