// //

Жанымды кыйууну ойлой берем

2018.03.02, 18:34
1356

Мен 21 жаштамын. Кээде бир нерседен көңүлүм калса, же бирөө катураак урушуп койсо жашоо кызыксыз супсак сезилип, өз жанымды кыйууну ойлой берем. Мындай ойлор окуучу кезимден бери келет. Ушул жылы жайында асынып өлөмүн деп жип сатып алып катып койгом, бирок өлбөй калдым. Азыр болбогон эле майда-чүйдө жумуштарга ушинтип жатсам, эртең жашоодо чоңураак көйгөй болуп калса чыдабай өлүп аламынбы деп корком. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2018, 11:35

Бермет Наралиева

психолог

Адамга өмүр бир гана жолу берилет жана ал берилген өмүрдүн өзү бакыт. Адам баласы бакыт издеп кандай гана аракеттерди жасап алектенбейт. Ошол бар нерсени барк албай бапестеп өстүрүп кетүүнүн ордуна аны жокко чыгарып кыйуу бул акылга сыйбаган чындык, кечирилгис күнөө. Андыктан сиз башыңызда болуп жаткан "өлүп алам" деген ойдон алыс жүрүүнү үйрөнүшүңүз керек. Жашоодо болуп жаткан майда барат сыноолрго сынбай, күчтүүлүк менен аны жеңе билүүгө аракет жасаңыз. Сиз күчтүү адам болуңуз.  Эгер мындай ойдон арылуу кыйынга турса психологго кайрылыңыз. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт