// //

Безеткиден калган тактарды кетирүүгө болобу?

2018.03.02, 18:24
2299

Менин бетимдин териси аябай майлуу,  кичинекей кезимден эле безетки чыгып келет. Азыр 21 жаштамын, безеткилер жөн эле чыкпастан тактарды да калтырып кетет. Көчөгө боексуз чыккандан уялам, тактар көп болгондуктан аябай жаман көрүнөт. Мурдумдун айланасында да тешиктер көп.  Алардан кантип арылсам болот?

Майлуу, көйгөйлүү бетке кантип туура кам көрүш керек? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2018, 11:10

Надира Бейшеева

косметолог

Майлуу бет дайыма өзүнө мыкты кам көрүүгө муктаж. Мындай түрдөгү беттерге кам көрүүдө майлуу эмес сүйкүмдүү кылуучу кремдерди, тазалоочу каражаттарды дайыма колдонуш керек. Майлуу бетти жакшыртуу. Бет майланышып сизге ыңгайсыздык жаратканда улам нымдуу кагаз менен тазалап, андан кийин гана упаны улам сүйкөп туруш керек. Мындан тышкары майлуу бетке арналган маскаларды колдонсо болот. Туура айтасыз беттин майлуулугунан бетке тактар көп түшүп, ар кандай безеткилер чыгып, бет бузулуп, майланышып, чаңдарды жыйнаганга ылайыктуу болуп калат. Анан сиз айткан кара тактар да көбөйөт. Тактардан арылуу үчүн косметологдорго кайрылганыңыз туура болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт