// //

Угуу аппаратын тагуудан уялам

2018.03.02, 17:02
950

 

Менин сол кулагым укпайт. Жылда дарыланам, быйыл шартка байланыштуу албай калдым. Кулагым оорубайт бирок укпайт. Жумуштан адамдардын сүйлөгөнүн укпай кыйналганыман эжем менен жеңем угуу аппаратын алып беребиз деп жатат. Бирок мен аны таккандан уялып жатам. Эмне кылсам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2018, 17:03

Чолпон Бейшеева

Отоларинтолог

 

Угуу аппаратын тагынуунун эч кандай уяты жок. Аппаратты тагынуу үчүн биринчи кулагыңыздын угуу даражасы текшерилип, ошого жараша жазылып берилет. Ар бир адамга индивидуалдуу түрдө тандалат, дарыгердин жардамысыз ала албайсыз. Аппарат угууну калыбына келтирбейт, жөн гана жардамчы милдетин аткарат. Андыктан сиз лорго кайрылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт