Мени кызганбайт
Мен 20 жаштамын мындан 3 ай мурун интернет аркылуу бир жигит менен таанышып калгам. Мамилебиз келишип кыз-жигит катары сүйлөшүп калдык. Күзүндө ага жар болушумду өтүндү, мен окуумду бүткөн соң десем, макул болуп күтө турганын билдирди. Өзү Москвада бизнес кылат, бул жакка 2019-жылы окууңдун бүтүшүнө барам дейт, мен каршылыгымды айтып, турмуш курганга чейин бир жолу көзмө-көз жолугушубуз керек экенинин айтсам көнбөйт жатат. Менин туугандарым ал баланы бизнес аркылуу таанышат, ата-энелерибиз мамиле куруп жүргөнүбүздү билишет. Акыркы күндөрү көп урушчу болдук, мүнөзү дагы жакпай бара жатат күндөн-күнгө. Мен аны кызганам, мени кызганбайт. “Мүнөзүң жетчү жерге жетти, мен дагы сагынып кеттим, сабыр кылып жүрөм го, сен өзүңө келип ал, мен тынчыңды албай турайын” деп менден кабар албай жүрө берет. Мен болсо кыйналып, аны сагынып ыйлайм, сөз көтөрө албай калдым. “Мени сүйөсүзбү” деп суроо узатсам “Жок жашы көрөм” дейт. Эмне кылсам болот, ал мени сүйөбү же жөн гана жакшы көрөбү? Ушул менен мамиленин аягына чекит койгонум жакшыбы же аны күтсөмбү? Кеңеш бериңизчи?
Бермет Наралиева
психолог
Негизинен аял затынын психологиясы эмоция менен байланыштуу. Баардык нерсени жүрөктүн тереңинен өткөрүп, ар бир майда бөлүктөрүнө чейин маани берип, оңунан чыкса шаң-шөөкөткө кабылып, болбой калса буркан-шаркан түшөбүз. Алгач жигитти жактырсаңыз, ата-энелериңер мамиле курганыңардан кабардар болсо, анда сиздерди бириктирип турган бир байланыш бар. Сизге айтаарым эмоцияга берилип, ачуулануу менен кескин чечим чыгарууга шашпаңыз. Жигитиңиздин жасаган иши, сүйлөгөн сөзү анын токтоо, сабырдуу, ар нерсени акыл эси менен таразалап карай турганынан кабар бергенсийт. Сиздин эмоционалдуу, жеңил-желпи ачууга бат алдырган мүнөзүңүз менен ал жигиттин токтоо, сабырдуу мүнөзү үй-бүлөлүк жарлардын бири-бирине дал келген жакшы гармониялуу союзун түзөт деп ойлойм.
Айымдар кулак менен кайра, кайра “сүйөм” деген сөздү үгуп турууну каалайт. Ал эми эркектер табияатынан андай сөзгө сараң экендигин эске алуу абзел. Кызганчаактык менен эмоция сиздин акыл эсиңизди ээлеп туура анализ жасоого мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул обу жок кызгануу акыл эске сыйбаган инстинкттик сезим экенин эсиңизге алыңыз.