// //

Комплекстен кантип бошоном?

2018.03.02, 15:28
1156

Менин жашым 18 де, кээде өзүмө-өзүм жакпай кетем. Бирөө жаман сөз айтса эле мага тиешелүүдөй сезилет. Бул өзүмдөгү баанын төмөндүгүбү? Өзүн-өзү баалоонун кандай ыкмалары бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2018, 15:49

Гүлмира Молдокулова

психолог

Өзүңүзгө-өзүңүз жакпай турган болсоңуз эмне кылуу керек? Биринчиден ойлонуп көрүңүзчү, сиздин өзүңүзгө болгон мындай мамилеңиз кайдан пайда болду? Азыр эмнеге таянып турат? Өзүңө эмнең жакпайт? Кебетеңби, салмагыңбы же мүнөзүңбү?

Өзүңүзгө жакпаган адаттарыңыздан арылуу үчүн тизме түзүп көрбөйсүзбү. Тизмеде өзүңүздөгү сизге жаккан жана жакпаган саппатар болуусу керек. Жакшы сапаттарыңыз аз болуп калса жыйынтык чыгарууга шашпаңыз. Алгач сизге жакшы мамиле жасаган жакын туугандарыңыздан, досторуңуздан жана ата-энеңизден сиздин кандай сапаттарыңыз аларга жагаарын сурап, андан соң жыйынтыгын чыгарыңыз. Бир кызыктуу нерсе өзүн-өзү баалаганды билбеген кишилерде жогорку деңгээлдеги кадыр-баркы катылуу болот. Бирок көп негативдүү ойлорду ойлогондуктан өзүнө болгон баалоосу төмөн болуп калат. Бул көйгөй сиз үчүн биринчи оорунда болсо, өзүңүзгө болгон ишеничти, баалоону үйрөнүүнү кааласаңыз психолог сизге жардамын берет.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт