// //

Атам үйдөн кууп чыкты

2018.03.02, 13:18
854

 

Жашым 18де. Биздин үй-бүлөлүк шарт абдан оор акыбалда турат. Ата-энем ажырашып кетишкен. Атам үйүбүздү өз атына жаздырып алды. Эми 400 миң бергиле, үй силерге калат деп жатат. Үй атасынын наамында болсо дагы, анда балдарынын, аялынын үлүшү барбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2018, 13:18

Асель Рысбаева

Адвокат

 

 

Эгерде силердин үйүңөр ата-энеңиз никеге турганда, ортолорунда нике күбөлүгү бар болгон учурда сатып алынса, экөөнүн ортосундагы жалпы мүлк болуп саналат. Мындай учурда атаңыздын акча доолаганга укугу жок. Анткени ал ата-энеңиздин ортосундагы жалпы мүлк. Сиздер сотко мүлктү бөлүп алуу арызы менен кайрылыңыздар. Акча берип сатып алуунун кереги жок. Соттун чечими менен өз үлүшүңүздөрдү ала аласыздар. Эгерде үйүңөр ата-энеңиздер баш кошконго чейин сатып алынган болсо, анда үлүшкө ээ боло албайсыздар. Анткени аялы менен күйөөсү никеге турганга чейин жана ажырашкандан кийин сатып алынган мүлк бөлүнбөйт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт