3 жумалык боюмда бар, алдыртсам зыяны жокпу?
2018.03.01, 20:05
2060
3 жумалык боюмдан алдыртсам зыяны жокпу? Буга чейин төрөгөн эмесмин. Жолдошум экөөбүз жаңы эле баш кошуп, чет өлкөгө жумушка кетип жатабыз, азырынча бала планда жок эле. Кийинчерээк балалуу болсок дейбиз. Кыздар биринчи баласын алдырып салса кийин төрөбөй калат дешет, ушул чынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2018, 12:15
Атыргул Иманалиева
гинеколог
3 жумалык түйүлдүктү вакум менен сордуртуп алдыртса зыяны жок. Азыркы учурда жатынды кырып, тазалап албайт, эгер ошондой жол аркылуу алынса кийин төрөбөй калуу коркунучу болмок. Андыктан ооруканга барып, ишин жакшы билген дарыгерге алдыртсаң болот, айтаарым жакшылап ойлонуп чечим чыгар. Балалуу болгондон өткөн бакыт жок да.
0
Пайдалуу жооп