// //

Эжемдин эмчегинин учу жок

2018.02.28, 17:29
2285

Менин эжем 21 жашта. Эжемдин эмчегинин учу жок, төрөлгөндө эле ушундай. Ал жакында турмушка чыгат. Баламды кантип эмизем деп кыжалат болуп жатат. Эмне кылса болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2018, 17:30

Бактыгүл Абдраманова

Гинеколог 

 

 

Эжеңиздин боюнда болгон учурда ал каттоого алынат. Ошол жерден гинекологдор эмчектин учун чыгаруу үчүн атайын көнүгүүлөрдү көргөзүп беришет. Мисалы кош бойлуу кезде эмчек бездери кадимкидей чоңоет, ошондо сүлгү менен учун массаж кылып сүртүп, жолдошуна сордуртуп турса чыгып калат. Гинекологдор көнүүгүлөрдү көрсөтүп койгондон кийин, күн сайын өз алдынча, төрөгөнгө чейин жасашы керек. Бала төрөлгөнгө чейин аракет кылып чыгарып албаса, төрөгөндөн кийин эмизип жатканда оорутуп, жарылып, эзилип кетип кыйнап коет. Кандай болгон учурда дагы бала эмизип жатканда өзү эле чыгып калат. Кабатыр болбой эле койсун.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт