// //

Бетимдеги кызыл тамырчалардан уялам

2018.02.28, 17:02
2265

Бетим бала чагымдан бери кызыл жана кызыл тамырлар чыгып турат. Айылда жүргөнүмдө көп этибар алган эмесмин, шаарга келгенде өтө эле кызыл экенин байкадым. Жай мезгилинде күндүн ысыганынан кулагыма чейин кызарат. Агартуучу маскаларды коюп көрдүм, бирок жыйынтыгын бербеди. Азыр болсо боёнмоюн эшикке чыга албайм. Дарыланганга акча жагынан шартым жок, үй шартында кантип агартсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2018, 17:09

Мээрим Давлетова

дермотолог

Беттеги купероздун пайда болушуна физикалык жүктүн көптүгү, аба-ырайынын таасири, ультрафиолет нуру, гормондордун бузулушу, боордун жабыркашы, косметикалык каражаттарды туура эмес пайдалануу себеп болот. Купероз дагы башка оорулардай эле адистин көзөмөлүндө даарыланат. Канчалык дарыгерге эрте кайрылса, жыйынтыгы дагы кубантаарлык болот. Азыркы учурда беттеги кызыл кан тамырлардан арылуу үчүн дарылоонун бир канча түрү бар, аны купероздун даражасына карап дарылайт. Кээде куперозго каршы косметикалык каражаттардын жардамы менен эле айыктырып койсо болот. Эгерде бул нерсе жардам бербесе фототеропия, озонотерапия, лазердик дарылоо, химиялык пилинг сунушталат. Боюңда жана эмчектеги балаң жок болсо аскорутин деген дарыны тамактын алдында 1 даанадан 2 маал 20 күн ичсең болот. Бирок сенин дарыгерге кайрылганың эле туура болот деп ойлом, анткени үй шартындагы маскалар жана өз алдынча дарылануу көп деле жардам бере бербейт.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт