// //

Жигитимди мага тең көрүшпөйт

2018.02.28, 16:59
991

Менин жашым 19 да азыркы учурда студентмин. Бир бала менен сүйлөшөм, жакшы бала. Жакшы көрөөрүнө да ишенем. Убагында жаңылып, башка бирөө менен кошулуп койгон элем, аны ачык айттым. Ал бирок, баш тарткан жок, мага маанилүү эмес дейт. Кийин айтып сөз кылабы деп корком. Ата-энем ал баланы тааныйт, бирок жаман көз карашта, сүйлөшпө дешкен. Себеби мага аны тең көрүшпөйт. Анткени ал курулушта иштейт, билими жок. Кантип түшүндурөм? Эмне кылам? Кимге кайрылаарымды чынында билбей жатам. Канткенде ата-энемди көндүрөм же жигитимден баш тартамбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2018, 17:10

Бермет Наралинва

психолог

Жигитиңди алдабай башыңдан өткөн окуяны айтып бергениң бул жакшы. Бирок сен ага чындап ишене аласыңбы, “мага маанилүү эмес” деп чын дилинен айттыбы аны сен билбейсиң. Сенин күмөн санооңо сен жазбаган бир себеп бар үчүн “кийин сөз кылабы” деген ой сага келип жатат. Эгер сенде жүз пайыздык ишеним болсо мындай күмөн саноо болбойт эле. Адамдын кандай деңгээлде экени маанилүү болбойт ортодо чыныгы сүйүү бар болсо, бирок ата-энең ал балага жаман көз карашта болсо ойлонуп көргөнүң жакшы. Апаңа, жеңеңе, эжеңе сырыңды бөлүш, алардан кеңеш ал. Жигитиң менен да ачык-айкын сүйлөшүп алганың ашыктык кылбайт.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт