// //

Канткенде "ушак" айтууну токтотом?

2018.02.27, 12:27
2121

Мен өтө көп ушакташам. Бул адаттан толугу менен кутулгум келет, эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.02.2018, 12:29

Улан Усупов

теолог

Ислам дининде ушак айтуу - арам болуп эсептелинет. Ушак сөз болгон жерден да алысташ керек. Ушак айтып жаткан адамды жумшак тил менен бир жолу эскертүү шарт. Куранда Алла Таала:"Кээ бирөөлөр башкаларды ушакташпасын. Силерден бирөө өлгөн бир тууганынын этин жешти каалайбы?! Мындан жийиркендиңер, туурабы?" (Хужурат сүрөсү, 12-аят) - деп буюрган. "Ушак - бир тууганың тууралуу ал укса ыраазы болбой турган нерселерди айтууң" - деп айткан Мухаммед пайгамбар өз хадисинде. Айтылган ушак-кайбатты тастыктоо, тууралоо дагы ушак болуп калат. Ушактоо болуп жаткан жерде унчукпай отурган да ушакка ортоктош. Ушак айтуунун себептери ар түрдүү болушу мүмкүн. Бирок, бул чоң кунөө, соопторубузду жалмаган от экенин түшүнүп, ушак айтуу гана эмес, ушак сөзгө кулак салуудан да качышыбыз зарыл. Башкача айтканда бул жаман адатыбыз менен күрөшүүбүз абзел. Керек болсо, ушак айта баштаганда бизди эскертип токтотуп коюучу жакындарыбыз, курбу-курдаштарыбыз болуусу кажет. Ушак айтып жүгөн адамдын күнөөсү кечирилиши үчүн, кылганы менен бушайман болуп өкүнүшү, тобо келтирип Кудайдан кечирим сурап, ким тууралуу жаман сөзүн айтса, андан кечирим сурашы зарыл. Дагы бир хадисте мындай деп айтылган:"Мусулмандар тууралуу ушак-айың айтпагыла, алардын кемчиликтерин изилдебегиле. Кимде-ким бир тууганынын ката-кемчиликтеринин артынан түшүп изилдесе, Алла Таала да анын кемчиликтерин издеп табат. Алла кимдин ката-кемчиликтерин изилдесе, үй-бүлөсүнүн көзүнчө эле анын абийирин төгөт". Андыктан, ушак айтуудан алыс бололу!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт