Жигитим сойкуларга жакын.
Мени жигитим сүйөт, бирок башка сойкулар менен жатып жүрөт. “Мен сени сүйөм, мени сойкулардан кызганба, менде аларга деген сезим жок” дейт. Ал мага калп айтпайт. Эмне кылсам болот?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Биринчиден төмөнкү суроолорго жооп берип көрчү: Арадан көп убакыт өткөрүп жолугуп турасыңарбы? Досторунун, тааныштарынын арасында “Менин сүйгөн кызым ” деп айтабы? Айланасындагы курчап турган адамдарга сени аралаштырабы? Башка кыз-келиндерди колдонуп сага тийишеби? Эгер бул суроолордун көбүнө “ооба” деген жооп болсо, анда бул мамиле сага олуттуу эмес.
Жигит сени сүйөм деп, бирок башка кыздар менен жыныстык катнаш аркылуу убакыт өткөрсө, сени анда-санда гана эстесе муну “сүйүү” деп эсептөө кыйын. Чыккынчылык (измена) бир жолу болуп, жигитиң жандалбастап кечирим сураса, аны түшүнүп кечирип, унутууга аракет кылып мамиле түзсө болот. Бирок ал сага дайыма сойкуларга барып турам десе мындай жашоону тынч деп эсептеп, чыдап жашай аласыңбы? Муну өзүң чечесиң.