// //

Ата-энем тааныштырган жигит таштап кетти

2018.02.25, 14:43
1077

Ата-энем мени менен тааныштыруу үчүн жакшы жигит табышыптыр. А мен болсо ага жаманмын, ичем, чегем деп айтып койдум. Ал болсо ишенип, эми мени менен суйлөшпөй жатат. Оба, башында мен ал жигит менен мамиле кургум келген эмес, азыр болсо ага турмушка чыгууну каалап жатам. Аны кантип кайтарууну билбей турам. Ал мен эмне кааласам, ошого ээ болгондугумду айтты. Бирок мен чындыгында андай эмесмин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2018, 14:44

Тамара Воронцова 

психолог

 

Жигит сиздин чындыгында кандай экениңизди билбей калганы өкүнүчтүү. Өзүңүз билип калгандай эмоцияга алдырып койгондо жашоо өзгөрүлүп кетээрин билдиңиз. Мүмкүн ал эми канчалык актанганыңыз менен, сизге дагы, башкаларга дагы ишенбейт. Ата-энеңиз аркылуу аракет жасап көрсөңүз болот. Бирок ал сиз туралуу белгилүү бир ойдо болуп калгандыктан, сый жок болот. Ошондой эле анын сизден баш тартуусу сиздин өздүгүңүзгө катуу тийгендиктен, аны кайтарып, тастыктап берүүнү каалап жатасыз. Азырынча ортодо сүйүү жок, болгону жигитке жана өзүңүзгө болгон өкүнүч, таарыныч бар. Мүмкүн туугандарыңыз башка дагы бирөө менен тааныштыраттыр. Мындай таанышуу көчөдөн, кафеден танышууга салыштырмалуу абдан жакшы. Эми болсо, кийинки жигит менен таанышып жатканда кетирген каталарыңызды кайталабаңыз. Кээде мындай тажрыйба жараткан тарабынан сыноо катары берилет. Демек ал жигит сиздин тагдырыңыз эмес. Шайыр, бактылуу болуп жүрө бериңиз. Сөзсүз өзүңүзгө буйруган адамды жолуктурасыз. Болгону өткөн нерселерден сабак алганды унутпаңыз. Сизге бакыт каалайм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт