Сүйгөнүмдүн жигити бар
Жашоодогу түрдүү кырдаалга жараша ар тараптуу көйгөйлөр пайда болот. Кимдир бирөө өзүнө жакпаган мүнөзүн өзгөртүүнү каалап, айрымдары сүйүктүүсүнөн кечирим сурай албай “эмне кылсам болот” деген суроосун узатат. Бул ирээт BILESINBI.KG дарегине келген мына ушундай түйүндүү суроолорго психолог Каныша Кожогелдиева жооп берди.
“СҮЙҮҮМДҮ БИЛДИРЕЙИН ДЕСЕМ ЖИГИТИ БАР”
- Мен 18 жаштамын, бир кызды абдан сүйөм. Ал жок жашоо жоктой сезилет. Чыныгы сүйүү эми келди окшойт. Ал кызга сүйүүмдү билдирейин десем жигити бар экен. Бирок ал кыздын менде көңүлү бардай сезилет, өзгөчө мамиле кылат. Эмне кылсам болот?
Сиз жактырган кыздын жигити бар экенине карабай “сүйөм” деп жатканыңызга караганда сиздеги махабат сезими чыныгы жана таза өңдөнөт. Негизинен бийик сезимдер айтылган сөздө гана эмес кыймыл-аркетте дагы болуусу абзел. Ар бир кыргыз жигитине ачык-айрымдык мүнөздүү эмеспи, андыктан ачык айтуу менен бирге мамиле аркылуу аракет кылып көрүңүз. Бул жерде кыздын тандоосу башкы нерсе.
“КЕЧИРИМ СУРАП УБАРА БОЛБО, СЕНДЕН КӨҢҮЛҮМ КАЛДЫ...”
- Мен 20 жаштамын, сүйгөн кызым менен мамиле түзгөнүмө бир жыл болду. Бир жолу урушканыбызда жиним менен сөгүп салгам. Эки күн өткөндөн кийин кечирим сурасам “Кечирим сурап убара болбо. Сенден көңүлүм калды. Болду токтотолу”-деди. Кандай аракет кылсам кайрадан сүйлөшүп кете алабыз?
Жактырган адамды сөгүп салуу эмоцияны башкара албагандыктын бирден бир белгиси боло алат. Эмоцияны башкара билүүнү өздөштүрүңүз. Мамиленин гүлдөп өнүгүшүнө эки тарап тең аракет жумшоосу керек. Бирок сиз мырзалык кылып сүйүктүүңүздөн дагы кечирим сурап көрүңүз. Эгер чын дилден кечирим сурасаңыз дагы кечирбесе сиз сүйгөн адам сизден кутулуунун жолун таппай, шылтоо издеп жүргөн десек дагы болот.
“МЕН ЖИГИТИМДИ ЖАКТЫРБАЙМ, БИРОК...”
- Мен сүйлөшкөн жигитимди жактырбайм, бирок андан алыстай албайм дагы. Кандай кылсам болот?
Индивидде дайыма бирөөгө болгон тиешелүү сезим болуп турат жана ал сезим дайыма канаттанып туруусу керек. Демек сиз анча-мынча болсо да сезимди ошол жигит аркылуу канаттандырасыз. Жигиттин оордун ээлей турган башка адам жок болгондуктан бул жигитке байланып турасыз. Эгер жигитиңиздин оордуна башка бирөө пайда болсо сезимди ал жигиттен канаттандырып калышыңыз мүмкүн.
Урматтуу достор эгер сиздерде дагы көйгөйлүү суроолор пайда болсо биздин www.bilesinbi.kg сайтына жана 0704 004 608 whatsapp, telegram номерибизге суроолорду узатсаңыздар болот.