Жездем зордуктап койду.
Өзүмдүн жездем кыздыгымды алып таштады. Эмне кылсам болот? Кимге айтам? Эжемe, апама айтсамбы? Бирок эжемдин менин айыман ажырашканын каалабайм. Менин кийинки жашоом кандай болот? Мен күйөөгө кантип тийем?
Темирбек Камчыбек уулу
аймактык инспектор
Сага күч колдонулган болсо, аймактык милицияга арыз менен кайрылсаң болот. Үстүнөн “зордуктоо” боюнча кылмыш иши жүргүзүлөт, далил болуусу абзел. Мындай нерсени убагында ойлонуп милицияга кайрылышың керек болчу. Арадан канча убакыт өттү? Көп убакыт өтүп кетсе далилдеп берүү оор болуп калат.
Гүлмира Молдокулова
психолог
Жездең жасаган нерсе бул “ кылмыш ” деп эсептелинет. Менин сунушум апаңа, эжеңе айтканың туура болот. Анткени бул адам бир жолу жаман ишти кылгандан кийин, дагы кайталаса эмне болот? Сенден башка өзүнүн, туугандардын же болбосо кошунанын кыздары сен кабылган абалга туш келип калышы толук ыктымал. Ошондуктан айтып бетин ачуу керек.