// //

Күйөөм менен болгон бир түн 14 жылдык жашообузду жокко чыгарды

2023.07.27, 10:50
27548

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Акыры бул күн дагы келди. Мен ушундай болорун билгем. Бирок ушул түнгө туш келерин билген эмесмин. Мен бул күндү аябай күткөм. 

"Сен муздаксың. Мен сени сезбейм. Эмне каалап жатканыңды билбейм."

"Сен мени кучактабайсың. Жанымдасың, ошол эле учурда алыстасың."

Чогуу жашап келатканыбызга 14 жыл болду. Бирок, акыркы тогуз  жылдан бери экөөбүз алыстап кеттик. Чогуубуз, бирок бөтөнбүз. Сертпиз. Муздакпыз. Бул эң жаман нерсе. Муну башынан өткөргөндөр гана түшүнөт.

Ал мага болгон таарынычын айтты. Бир саат айтты. Мен ага болгон таарынычтын баарын айттым. 3 саат айттым. Бакырган жокпуз. Тынч гана отуруп сүйлөшүп жаттык.

Ажырашуу пунктуна келдик. Балдар ким менен калат деген суроо коюлду. Ал балдарсыз жашай албасын айтты. Мен дагы айттым. Ыйладык. Балдарды бөлүп жатканыбызга ачууландык.

"Сага эмнем жаккан?" Алгачкы сезимдерди эстей баштадык. Күлдүк. Толтура окуяларды эске салдык. Маанай көтөрүлө түштү. Ал келип мени кучактады. Кайра ыйладык. Менин адамым экенин ошондо билдим. Ал мени катуу кысты. "Кое бербейм!" деди. "Мен жаныңдамын" деди. Мага ушул сөздөор керек эле. Муздак жүрөккө кан жүгүрдү.

Ачык сүйлөшүү. Мындан ары ачы сүйлөшүүнү чечтик. Кучакташуу. Мындар ары күн сайын кучакташууну сездик. Кол кармашуу. Мындан ары кол кармашыпи жүрүүнү чечтик. Өбүшүү. Мындан ары өбүшүп турууну чечтик.

Кыйын. Ыңгайсыз. Бирок биз сөзүбүздү аткарып жатабыз. Жылыш байкалды. 

Ажырашкан баарынын колунан келет. Аракет кылган экөөнүн колунан келет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт