Бул 5 белги өзүңүз каалаган жашоодо жашабай жүргөнүңүздөн кабар берет
Бардык каалоолоруңуз бирөөлөр же коом тарабынан таңууланганын кантип түшүнсө болот? Башка бирөөнүн жашоосунда жашап жатканыңызды кандай белгилер билдирет? Бүгүн биз ушул суроолорго жооп беребиз.
Кайталанма күндөр
Эгерде ар бир күнүңүз мурункуга окшошуп, жашооңуз монотондуу болуп кетсе, бул өзүңүздүн жашооңуз менен жашабай жатканыңыздын түздөн-түз кабар берет. Күнүмдүк кайталанма жашоо абдан ыңгайлуу жана коопсуз көрүнөт, бирок эртеби-кечпи жашоонун маанисин жоготуу жана нааразычылык сезимине алып келет.
Салыштыруу
Эгер өзүңүздү башка адамдар менен дайыма салыштырып, алардын үмүтүн актай албай жатканыңызды сезсеңиз, анда сиз коомдун курмандыгына айланып калгансың. Бул дагы бирөөнүн жашоосунда жашап жатасың дегенди билдирет.
Жактырбаган жумуш
Кээде биз чындап эмне каалап жатканыбызды унутуп, кубаныч жана канааттануу алып келбеген жумушка байланып калабыз. Эгер сиздин да жашооңуздун баары жумушта өтсө, ал жумуш ырахат тартуулабаса, анда ойлонуп баштоо керек.
Күтүүлөрдү актоо
Эгер сиз өзүңүздүн каалаганыңызды эмес, сизден күтүлгөн нерсени гана кылып жатканыңызды байкасаңыз, анда сиз жашооңузду бекер өткөрүп жатасыз. Коомдун алкышы, ата-эненин күтүүсү... Булар биринчи орунда эмес.
Кайдыгерлик
Эгерде өзүңүздүн ден соолугуңузга, сырткы келбетиңизге жана эмоционалдык бакубаттуулугуңузга маани бербесеңиз, бул башка бирөөнүн оюу менен жашап жатканыңыздын белгиси болушу мүмкүн.
Сизге кайсы белги тааныш?