// //

Бутту күнгө күйүүдөн сакташ керек. Флеболог варикоз тууралуу айтып берди

2023.07.10, 10:50
1191

Күнгө күйүү варикозу бар адамдын ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу хирург-флеболог Аматов Медер айтып берди. 

- Варикоз деген эмне?

- Варкиоз - бул, жөнөкөй тил менен айтканда веналардын кеңейип кетиши. Буттун варикозу башкаларга салыштырмалуу аябай көп кездешет. Пайда болуу себептери көп, биринчи орунда тукум куучулук турат, андан кийинки орунда жашоо образы, кесиби кетет. Айталы, оор жумушта иштесе, кыймылдабай кечке отурса, ашыкча салмагы болсо ж.б. 

- Варикоз бутта гана болбосо керек?

- Ооба, варикоз бутта гана болбойт. Аялдарда "малый тазында", цирроз болгондордо кызыл өңгөчүндө, ич жактарында болот, түрлөрү көп.  

- Айрымдар, варикоз улгайган адамдарда гана болот дешет, бул чынбы?

- Жок, бул туура эмес. Тукум куучулук фактору күчтүү болгондо, 10-11 жаштагы балдарда дагы кездешет. 

- Варикоз бар экенин кантип билсе болот? Белгилерине токтоло кетсеңиз.

- Бут шишип баштайт, кечке маал бут кийимге батпай калат, талып ооруйт, бутту бийик көтөрүп жатса аябай жеңилдеп калат, майда кан тамырлар жылдызча сымал болуп кеңейе баштайт, эң акырында веналар торсойуп чыгып калат. 

- Туура эмес бут кийим варикоздун пайда болуусун шарттайбы?

- Жок, бут кийим таасир деле бербейт. Туура эмес бут кийим май тамандуулукка, омурткаларга таасир берет.

- Диагноз кантип коюлат?

- Алгач бейтап флебологго кайрылат. Адис кан тамырларды УЗИ менен изилдейт. Варикоздун алты деңгээли бар. Ошолорго жараша дарылануу жазып берилет. 

- Операция канча сом?

- Азыр заман өнүккөн. Мурдагы методдор дээрлик колдонулбайт. Бизге дагы жаңы аппараттар келген. Наркозсуз эле лазер менен жасайбыз. Бирок, лазер технологиясы арзан эмес, 30 000 сомдон башталат. Шрамдар калбайт, бейтап ошол күнү эле үйүнө кетет. 

- Алдын алуу жолдоруна токтолсоңуз.

- Жумушу оор болсо бат кыймылдап туруш керек. Эң жөнөкөй көнүгүү - жарым саат сайын тепкчитен өйдө-ылдый түшүү. Балтыр жакшы иштеш керек. Сууда сүзүү, велоспорт варикозду алдын алуу үчүн эң жакшы спорт. Ал эми бир орунда туруп оор көтөргөн спорт түрү сунушталбайт. Түндө бутту өйдө көтөрүп жатуу керек. Ашыкча салмак болсо, анда андан арылуу. Мөмө-жемиштерди көп жеп, суюктук көп ичүү сунушталат. Суюктук көп ичкенде кан ошончо суюк болуп, жакшы жүгүрөт.  Ошондой эле күнгө күйүү сунушталбайт. Суудан чыккандан кийин бутка дароо сүлгү оронуп алыш керек. 

- Варикоз үчүн чулкилерди дагы сурай кетсек.

- Операция жасаткандан корккондорго экинчи метод сунушталат, ал ошол эле чулкилерди кийүү. Бирок, чулкини тандаганда аны өмүр бою кийиш керек, ал эми операция жасатсаң, бир эле кутуласың. Чулки калыбына келтирбейт, алар жөн гана варикозду өрчүтпөй кармап турат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт