// //

Жакын мамиле кургум келбейт. Эмне кылсам болот?

2018.02.23, 20:11
950

Жашым 18де. Бир жыл мурун сүйлөшкөн кызым менен урушуп кеткем, күнөө менде. Ошол күндөн баштап аны унута албайм. Башкалар менен мамиле түзгүм, тааныш досторум менен сүйлөшкүм келбейт, жөн гана жалгыз жүрсөм дейм. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.02.2018, 20:18

Бермет Наралиева

психолог

Сен сүйлөшкөн кызың менен урушуп кеткениңе өзүңдү күнөөлөп жатканың бул жакшы касиет. Көпчүлүк адамдар өзүндө болгон жол болбостуктун себептерине бирөөлөрдү, жадакалса бүт ааламды күнөөлөшөт. Өзүңдүн кемчиликтериңди баалап аны кийин кетирбөөгө аракет жасайсың. 18 жаш куракта мындай жеңил сезимдер көп эле болуп турат. Эң негизгиси сен үй-бүлө күтүп же балалуу болгондо урушуп эки тарапка басып кеткен жоксуң да.

Эгерде сен ал кызды унута албай алиге чейин кыйналып жүрсөң, башкалар менен мамиле түзгүң келбесе. Сен өзүңдүн үстүңдөн иштеп, окуп билим алып, ийгиликтерди жаратып, өзүңдү дагы бир жакшы жактарың менен далилдеп көр. Андан кийин жасаган иштериңе чын дилден капа боло турганыңды айтып кечирим сураганга аракет кыл. Кечирим суроо эр адамдын иши.

Бир өзгөрүү болот деп ишенем. Сен өзүңдүн кемчиликтериңди аңдап тааный алган соң, аны өзгөртө да аласың. Эгер анда да өзгөрүү болбосо убакыт баарын өз оордуна коёт, көңүл ооруңду дарылайт.

 

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт