// //

Уулуман муштум жегенден кийин башкача адам болуп өзгөрдүм

2023.06.12, 13:33
9636

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Байкуш уулум, титиреп ыйлап жатты. Башын мыкчып алып ыйлап жатты. Мен нес болуп туруп калдым. 

"Энең... баласы, акча сал мага тез, башым ооруп жатат!" Айлап чалбайм, чалсам дароо баш жазганга акча талап кылам. Үндөбөй акча которуп коет. Айтпаган сөздү айтып сөгөм. Эсимде, бир жолу өзүмө окшош досторумдун көзүнчө сабап салгам. Могу колдорум менен...

Уулум менин... Атасы мендей болгону менен акылдуу. Жакшы жерде иштейт. Кез-кез интернетте, телевизорго маек берип чыгып калат. Эл көзүнө көрүнгөнүнө сыймыктанбай, кайра сөгөм.

"Мен сенин атаңмын!" Чалып алып ушинтип урушам. Басынтам. Мени далай жолу милициядан, бейтапканадан алып кетти. Унчукпайт. Мени угат.

Бирок, сабырдын дагы чеги болот экен.

Аялым менен эбак ажырашкам. Бирок, анын да тынчын алмай адатым. Бул ирет уулум жарылды. Барып алып кол көтөрдүм. Апасына болушкан уулум, ачуу сөздөрүмө чыдай албай мурунга бир муштап жиберди. Өзү да билбей калды.

"Сен үчүн ушунун баары, сен үчүн! Сен үчүн жаман адам болуп баратам! Сага көл көтөрдүм ата! Сага көрүнүп, сен сыймыктангандай болгум келди. Сага бөтөлкө болсо болду. Ата, жетишет! Чарчадым! Жек көрөм! Канчалык бийиктесем, ошончолук сөктүң. Мен сага эмне кылдым! Атааааа! Мен сага эмне кылдым атааа! Сенин колдоосу канчалык маанилүү экенин билсең канаааа!"

Нес болуп туруп калдым. Башын мыкчып алып бакырып жатты. Ыйлап жатты. Бул ирет колум арактан эмес, уяттан титиреди. Унчукпай басып кеттим.

Оорулуу экенимди моюнга алдым. Иичимдикке көз каранды экенимди моюнга алдым. Жалгыз иниме барып жардам сурадым. Бир айдан бери бейтапканада өзүмө окшоштор менен жатам. Күн сайын уулума узун кат жазам. Кайра өчүрөм. 

Келди. Уулум келди. Унчукпай жанымда отурат. Телефонумду алып чыктым. Бир кездеги сактап алган сүрөттөрүн көрсөттүм. 

"Эсиңдеби балам, сенин мектептен берген тапшырмаңа башым жетпей калганда жумушум болуп калганын айтып туруп кетчүм. Эртеси өзүң чыгарып, беш алып келгениңди көрүп аябай сыймыктангам. Уялгам. Бирок, менден акылдуу экениңди билгем. Сен ошондо эле атаңдан акылдуу болчуң. Акмак атаңды кечир уулум."

Мени кучактап алып ыйлап жатты. Медайымдар карап койду. Мен да аябай ыйладым. Жытымдан, кебетемден уялып жаттым. Уулум билим жыттанат эле. 

Бүгүн да келем деген. Күтүп отурам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт