// //

Апам келинчегиме алып берген белекти көрүп чалкаман кеттим

2023.06.10, 14:56
8865

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Кычыраган машина келип токтоду. Ким деп карап коем. Балдарым чуркап түшүштү. Рулда келинчегим. Ооба, бир жыл мурун ажырашкан келинчегим. 

Биз урушуп, тытышпай эле эки жолго түштүк. Жашоо болбой калды. Бул нерседен уялуунун, анын үстүнө жашыруунун кереги жок. Балдарды экөөбүз кезектешип карай турган болдук. Мен өз ыктыярым менен  алимент төлөп берем дедим. Анан келинчегим экөөбүз кеңешип, балдарга депозит ачып койдук. 

Албетте, коштошуп жатып жаман болдум. Бирок сүйбөгөн адам менен жашоодон өткөн тозок жок болсо керек. Балдар үчүн жашагыбыз келбеди. Бала бактылуу ата-энени көргүсү келет. Аялым экөөбүз сый менен эки жолго түшүүнү чечтик. Экөөбүз тил табышып, ушундай чечимге келгенибизге сүйүнөм. 

Ата-энебиз каршы болушту. Өзгөчө апам мени катуу урушту. "Сен бир балээ кылдың, ушу сен бир нерсе дедиң" деп күнү-түнү сүйлөнөт. Актана берип тажадым. Неберелерине кабатыр. 

Уулубуз туура кабыл алды. Кызыбыз ыйлады. Аны көрүп экөөбүз чогуу эле жашай берсекпи дедик. Бирок, анда күн сайын урушат элек. Жок, сыйды сактап калуу керек. Балдарга болгонун болгондой айттык. Эч нерсе жашырбадык. Аларды жакшы көрөрүбүздү айтканды унутпадык. Азыр баарыбызга оор. Бул күндөр дагы өтөт.

- Оо, машина кут болсун.

- Рахмат, апам алып берди. 

- Апамбы, "тоист" апаңбы?

- Жок, сенин апаң.

Көрсө апам келиним таарынып калбасын, балдарды ташып кыйналбасын деп, чогултуп жүргөн акчасына мага айтпай машина сатып бериптир. Келинин мынча жакшы көрөт. Менден өтүп кетет. Мен машинамды ургандан бери жөө жүрөм. Мага алып дагы бербейт (күлүп). 

Аялымдын стористеринен апам экөө кафелеп жүргөнүн көрүп калчум. Кептин баары ошондо жаткан турбайбы. Кызгандым, жашырбайм. Бирок, апам  балдарымдын апасын сыйлап жакшы көрсө жаман эмес да, туурабы?

Апама чалдым. Билмексен. "Иий, келиниңизге машина алып бердиңизби" десем, "анан сага алып бермек белем, ушу сенден эле кетти" деп кайра мени урушту. Апам ай, баары бир жакшы көрөм.

Аялым менен убагында ажырашып, сый мамиле болуп калганыбызга сүйүнөм. Балдарыбыз дагы бара-бара туура кабыл алып калышты. Кызымдын таарынычы жазылды. Ананчы, атасы дагы, апасы дагы бактылуу жүрсө. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт