Боорукер - Асан кайгы
«Куйругу жок жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен? –деп муңга баткан, нускалуу кептери менен ысымы кылымдан-кылымга кыдыра уламага айланган залкар шайырдын бири – Асан Кайгы болуптур. Ал качан, кайсы жылы, кайсыл айылда, кандай үй-бүлөдө туулганы жөнүндө эч кандай так маалымат жок. Бир гана айрым бир каймана маанидеги тарыхый булактардагы боолголорго караганда Асан Кайгы XIV-XV кылымдарда жашаган.
Залкар шайырдын замандаштары - Жээренче чечен,Толубай сынчы, Алдар көсөө, Токтогул ырчы экен. Алар менен Асан Кайгы турмуштун казанында бирге кайнаптыр. Ал жарык дүйнөгө келгенден өмүр өткөнгө чейин пендечиликтеги бардык терс көрүнүштөрдү сүйбөптүр. Тек гана ал Кудай-Тааладан, адамдарга бейпилдикти, теңдикти, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү тилеп, кейип-кепчип жүрүп көзү ачык өтүптүр.
Тилекке каршы Асан Кайгынын андай тагдырга кабылышына «элди башка чапсам былк эткис кылдым, жумсам алаканымда, жутсам жумурумда» деп, Крымга чейин барып татарларды басып алып, кыргыз, казакты чилче таратып, карапайым калктын канын митедей соргон ырайымсыз Жаныбек хан себепчи болуптур. Ошондуктан ал бүтүндөй элдин тарткан азабын, көргөн кордуктарын, самандай сапырылганына өтө кейип, «элимдин келечеги, көргөн күнү, жан-жаныбарлары, макулуктары не болот» деп кейип жүргөндүктөн эл Асанды «Асан Кайгы» дешиптир.