// //

10 жылдыкка барсам классташ балам "күйөөң жокпу" деп каткырды

2023.05.27, 17:24
18117

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ошентип 10 жылдык кечебиз дагы аягына келип жетти. Баарыбыз жакшы маанайда узадык. Ар ким өз үйүнө тарады. Мен шаарды көздөй багыт алдым. Эртең кечкисин учам. Жетишип калышым керек.

Классташтарым аябай өзгөрүптүр. Айрым кыздарыбызды тааныбай калыпмын. Алды беш балалуу болуп калыптыр. Бир кезде жашынмак ойногон секелек кыздар жок. 

Өткөндү эстеп бирде каткырып, бирде ыйлап отурдук. Убагында тентек классташ балдарыбыз тим эле джентельмен. Улам соктон, чайдан куюп, кыздарды аябай сыйлашты. Бизге акча чыгарттырышкан да жок. Баарын өздөрү көтөрдү. Бирөө эле бир аз ачуума тийди.

- Сени күйөө ала элекпи? Алдыгы окууңдун кимге кереги бар. Калып калган турбайсыңбы, э? 

Каткырык.

- Окуум мага керек. Калып калган жокмун, келечегим алдыда. Билимим мени жаман жакка алып барган жок. Дал ошол билимим менен өстүм, эл көрбөгөн жерди көрдүм. Аттиң, сенде да бир аз билим болгондо, чоң маселелер менен талкуу жарата элек. Аттиң, мен кайра ылдый түшө албайм. Бирок сенде мүмкүнчүлүк бар, өйдө көтөрүлө аласың. Бирок өзүң каалашың керек. Бийиктен көрүшкөнчө.

Бирөөгө менин мээнетимдин баркын жокко чыгарып, тепселетүүгө жол бербейм. Ар бир адамдын баалуугу ар кандай ирээтте тизилип турат. Бул нерсени сыйлай албагандардын толтура болушу өкүңдүрөт.

Коштошуп жаттык. Жанагы классташ балам мени менен коштошкон жок. Бардык кыздарды узатып, мага келгенде унчукпай өтүп кетти. Күлкүм келди. Эгер бийиктиктен көрүшүп калсак, ушул күндү эстеп күлөбүз. Болбосо, менде бир душманым пайда болду. Кандай күлкүлүү.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт