// //

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, өзүмдүкүн башкага алдырдым

2023.05.26, 17:01
15722

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мынчалык өзүмдү жек көргөн эмесмин. Сыртыман байкатпаганым менен күйүп бараттым. Мен өрттөнүп бараттым. Эми бул айым менин жубайым эмес экенине ыза болуп бараттым.

- Сага турмушка чыккандан бери аябай чүнчүп кеттим.

- Чүнчүп кетсең, башкасын таап ал.

Эмне деп сөз баштабасын, ар дайым "башкасын таап ал" деп жооп берчүмүн. Маселени ортого коюп чечели деген нерсе жөнүндө ойлободум. Кур намыс - менин үй-бүлөмдү бузду. 

Удаасынан эки балалуу болдук. Үйдө отуруп калды. Мен адаттагыдай көчөдө. Жумуштан келип алып жатам. Жардам сурайт. Укпайм. Балдар ызы-чуу болуп жатса, кайра досторума кетип калам. 

Чай ичип отурганбыз. Тырмактары сынган, чачын ак баса баштаган, көздөрү муңдуу, кыскасы сулуулугу кайдадыр жашынып алыптыр. Билем, көр турмуш,  мени менен жашоо аны өзгөртүп баратыптыр. Бул чындыкты мойнума алгым келбеди, дагы сыртка чыгып кеттим.  

Эмнеге башкалардын келинчеги сулуу, анан дагы жадырап-жайнап күлүп жүрөт? Меники ар дайым муңдуу, карып дагы кетти, жайнаган көздөрүн унута баштадым. Ким күнөөлүү экенин билем, чындыкты моюнга алуу кыйын э... 

Бул жолу башкасын таап ал деген жообума, "макул" деди. Ошентип, ажыраштык. Артынан баргым келди. Балдарды көргөнү барганда кадимкидей аны дагы кучактагым келди. Кур намыс - менин үй-бүлөмдү бузду. 

Бүгүн балдар мени менен калмак. Алып кеткени баргам. Эшикти сулуу бир кыз ачты. Аялым экен. Көздөрү жайнаган. Башкача сулуу. Мени менен учурашып бир нерселерди сүйлөп жатты. А мен экөөбүздүн ажырашып жаткан күнүбүздү эстедим. Үйдөн жүдөп чыгып бараткан. Ачуу сөздөрүмдүн, тыюуларымдын, кайдыгерлигимдин издери жүзүндө эле.  Азыр бирөө дагы жок. 

Демек, мен аялыма берген сөзүмө тура албадым. Алып жатканда бактылуу кылам деген элем. Эх...

Балдарымды жетелеп бараттым. Сулуулугу дале көз алдымда. Аттиң, эми ал мага кайтып келбейт. Мен бул нерсени так билем. Көздөрүнүн жайнаганына бирөө себепкер экенин билдим. Бакыт кааладым. Чын жүрөгүмдөн кааладым. Балдарымдын апасы сөзсүз бактылуу болушу керек.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт