// //

Төшөктө жатып калганда күйөөмө башка аял ал десем, берген жообу ыйлатты

2023.05.18, 17:32
11896

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Инсульт болдум. Сол тарабым бүт иштебей калды. Жашоом бүттү деп кабыл алдым. Балдарыма, жолдошума жүк болуп калдым. Басып жүрүп жатып калгандан өткөн азап жок экен.

Тамак да ичпейм. Шыпты тиктеп коюп жата бердим. Эч ким менен сүйлөшпөй да калдым. Тажап кеттим. Чын айтайын өлүп калсам баары бүтчүдөй сезилди. Мен ошондо мени жакшы көргөн адамдарды ойлобопмун. Аттиң, мендей болбогула.

Мага кошулуп күйөөм арыктап кетти. Аны байкай баштадым. Бир күнү уулумду чакырдым.

- Балам, атаң тамак жеп жатабы?

- Жумуштан келип сизди тамак жедиби сурайт. Жок десек, жебей туруп кетет.

- Ыя...

Эртеси кечки тамакты жедим. Өзүм болбосо дагы, жакыным үчүн аракет кылгым келди. Тамактан өтпөй жатып араң өттү. Ал күнү балам күйөөм тамак ичкенин айтты. 

Жумушунан келип алып мага ар нерсени айтып берет. Сыртта эмне болгонун бүт айтат. Аны мурдагыдан дагы чыдамсыздык менен жумушунан күтчү болдум.

- Жаку, башкага эле үйлөнүп албайсыңбы?

- Кереги жок бул сөздүн, сен жанымдасың, мени менен сүйлөшөсүң, ошол жетиштүү.

- Өлүп калсам жетишсиз болот да...

Ыйлап жибердим. ал дагы ыйлап жиберди. 

- Өлүп калсаң сенден калган балдар бар, сенден калган элестер бар, сенден калган окуялар бар. Ошолор менен жашайм. Мага кабатыр болбой эле кой.

Сыртка чыгып кетти. Кыязы, көз жашын көрсөтпөйүн деди го.

Ошол учурда бир нерсени түшүндүм. Жакындарыма азап чектиргенимди түшүндүм. Өзүмчүлдүк жасап жатканымды түшүндүм. Күрөшөм. Эгер жеңиле турган болсом да утушка ээ болом. Ушундай күйөөм турганда эмнеге жашабашым керек.

- Балам, курсагым ачты, алып кел тамагыңды.

- Чынбы, апа?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт