// //

IT тармагы тууралуу бул 4 мифке ишенбеңиз

2023.05.16, 12:12
1019

Салам, достор! IT тармагына аралашып көп акча тапкыңыз келет, бирок ар кандай мифтерди угуп ага ишенип жүрөсүзбү. Анда төмөндөгү макаланы сөзсүз окуңуз. 

1-МИФ: IT тармагында иштөө үчүн диплом талап кылынат

IT тармагына жумушчуларды көндүмдөрүнө карап кабыл алышат. Бул багыт жогорку билимди талап кылбайт, университетте сөзсүз окуп диплом алыш керек деген нерсе жок. Компаниялар дипломго аз көңүл бурушат. Сиз ээ болгон тажрыйба жана жөндөм жөнүндө көбүрөөк билгилери келет. IT тармагы бир орунда турбайт, жаңы технологиялдарды кууп жетишүүңүз зарыл. Бул жерде аракет маанилүү.

2-МИФ: IT дүйнөсү мырзалар үчүн гана 

Ооба, мындай карасаң IT дүйнөсү дээрлик толугу менен эркектерден тургандай көрүнөт, кээде сексизм менен күрөшүүгө туура келет дегендей. Баары компаниядан көз каранды, ошентсе дагы айымдар азыраак, бирок бул убактылуу гана. Жумушта жыныс таптакыр мааниге ээ эмес. Эгерде сизди IT тармагына баруудан токтотон ой -  бул тармак эркектерге гана тиешелүү деген болсо, анда тартынбай бара бериңиз, бул тармак баарына. Ал ойдон арылыңыз. 

3-МИФ. Мен код жаза албайм, ошондуктан IT адиси боло албайм

IT адистери жөнүндө эң кеңири таралган миф: алардын баары компьютерде отуруп код жазышат. IT тармагында ар кандай адистиктер бар. Техникалык түшүнүктү талап кылбагандар да бар. Мисалы, продукт менеджери, IT бизнес-аналитик, долбоордун менеджери, scrum мастер, UX/UI дизайнери, UX изилдөөчүсү сыяктуу кесиптер суроо-талапка ээ, жогорку маяналуу жана код жазуу жөндөмүн талап кылбайт. 

4-МИФ. IT тармагында жумуш табуу үчүн байланыштар керек

IT дүйнөсүндөгү эң жакшы нерсе - колуңдан келбсе, колуңдан келгендей адам катары көрүнүү мүмкүн эмес. Натыйжалар дароо көрүнөт. Атайын жөндөмдөрдү билбесеңиз, бул тармакта көп убакыт иштей албайсыз.

Сиз бул мифтер тууралуу уктуңуз беле?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
B
Bakyt Kubatbekov
16.05.2023, 23:58

Саламатсызбы Суроом бар эле азыркы учурда бойдокмун , 

0
Пайдалуу жооп
B
Bakyt Kubatbekov
16.05.2023, 23:59

Кошула элегиме коп болду уруктугум да аз чыгат эмне себепден болот , 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт