// //

Бул оорулардын айынан тил агара баштайт

2023.05.01, 12:03
1787

Тилде өңөрдүн пайда болушуна көптөгөн себептер бар: тамеки чегүү, жугуштуу оорулар, ичеги-карын жана дем алуу органдарынын патологиясы, курттар, онкологиялык процесстер ж.б. Ошондой эле, боёчу каражаттарды колдонгондо агарат -  кофе, сабиз, ашкабак, кызылча өзгөчө туруктуу түстү калтырат. А бүгүн болсо биз тилди агарткан айрым оорулар тууралуу айтып беребиз. 

Гастрит  болгондо

Тил гастриттин ар кандай формаларында ар кандай көрүнөт:

Курч түрүндө. Тилде жабышчаак ак же боз түстөгү субстрат пайда болот. Ооз кургайт, кычкыл даам келет.

Өнөкөт гастритте. Ак түстөгү өңөр мезгил-мезгили менен кара боз түс менен алмаштырылат.

Ашказан жарасы менен байланышкан гастрит. Тилдин бети кочкул кызыл түс болуп, боз өңдүү өнөрлөр пайда болот. 

Жугуштуу ооруларда

Инфекциянын түрүнө карабастан, вирустун штаммы иммунитетти алсыратат жана оозго "жайгашкан" патогендердин концентрациясын жогорулатат:

Скарлатинада. Боз-ак же саргыч түстөгү өңөр каптап турат. Оорунун 5-6-күнү ал жоголот, тилдин арткы бөлүгү ачык кызыл түскө айланат. 

Дифтерияда. Тил боз-ак пленка менен капталат, аны алып салууга аракет кылганда кан агуу пайда болот.

Кандидоздо. Тилде ак өңөр пайда болот, ал иш щетка менен тазаланбайт.

Тиш ооруларында

Тиште топтолгон өңөр, тилге жайылышы мүмкүн. Симптом ооздун былжыр челинин сезгенүү процесстери менен коштолушу мүмкүн - стоматит, глоссит. 

Дем алуу органдарынын ооруларында

Пневмония жана бронхитте тилдин капталдарында өңөр пайда болот. Ал, адатта, ак түстө жана тиш щетка менен оңой алып салынышы мүмкүн, бирок тез эле кайра пайда болуп калат.Оорулуунун даам сезүүсү начарлайт, оозу кургайт.

Сизге бул белгилер таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт