Бул оорулардын айынан тил агара баштайт
Тилде өңөрдүн пайда болушуна көптөгөн себептер бар: тамеки чегүү, жугуштуу оорулар, ичеги-карын жана дем алуу органдарынын патологиясы, курттар, онкологиялык процесстер ж.б. Ошондой эле, боёчу каражаттарды колдонгондо агарат - кофе, сабиз, ашкабак, кызылча өзгөчө туруктуу түстү калтырат. А бүгүн болсо биз тилди агарткан айрым оорулар тууралуу айтып беребиз.
Гастрит болгондо
Тил гастриттин ар кандай формаларында ар кандай көрүнөт:
Курч түрүндө. Тилде жабышчаак ак же боз түстөгү субстрат пайда болот. Ооз кургайт, кычкыл даам келет.
Өнөкөт гастритте. Ак түстөгү өңөр мезгил-мезгили менен кара боз түс менен алмаштырылат.
Ашказан жарасы менен байланышкан гастрит. Тилдин бети кочкул кызыл түс болуп, боз өңдүү өнөрлөр пайда болот.
Жугуштуу ооруларда
Инфекциянын түрүнө карабастан, вирустун штаммы иммунитетти алсыратат жана оозго "жайгашкан" патогендердин концентрациясын жогорулатат:
Скарлатинада. Боз-ак же саргыч түстөгү өңөр каптап турат. Оорунун 5-6-күнү ал жоголот, тилдин арткы бөлүгү ачык кызыл түскө айланат.
Дифтерияда. Тил боз-ак пленка менен капталат, аны алып салууга аракет кылганда кан агуу пайда болот.
Кандидоздо. Тилде ак өңөр пайда болот, ал иш щетка менен тазаланбайт.
Тиш ооруларында
Тиште топтолгон өңөр, тилге жайылышы мүмкүн. Симптом ооздун былжыр челинин сезгенүү процесстери менен коштолушу мүмкүн - стоматит, глоссит.
Дем алуу органдарынын ооруларында
Пневмония жана бронхитте тилдин капталдарында өңөр пайда болот. Ал, адатта, ак түстө жана тиш щетка менен оңой алып салынышы мүмкүн, бирок тез эле кайра пайда болуп калат.Оорулуунун даам сезүүсү начарлайт, оозу кургайт.
Сизге бул белгилер таанышпы?