Үйлөнөр замат балалуу болбой койсом, динибиз уруксат береби?
Саламатсызбы! Жакында үйлөнөм, анан үйлөнүп эле балалуу болбой, бир аз пландаштырып, ден соолукту чыңдап, витаминдерди ичип, келинчегим экөөбүз деле, болжолдуу жарым жыл, 6 айдай сактанып турсак болот бекен? Динде ушул боюнча эмне дейт экен? Тактап бере аласыздарбы, рахмат сиздерге.
Кадыр Маликов
Теолог
Ислам дини баланы пландоого уруксат берет. Бирок, кудай ар бир баланы өз ырыскысы менен жөнөтөт деп ниет кылуу зарыл. Айтайын дегеним, баланы багуу үчүн бүт шарт болуш керек деп ойлогон туура эмес. Куранда, "Өз балаңарды өлтүрбөгүлө, ырыскы Алла тааладан" деп айтылган. Кудай ар бир адамга өз ырыскысын белгилеп койгон.
Ошентсе да, динибиз баарын катарынан төрөй бербей, эненин ден соолугун, үй-бүлөнү багуу үчүн атасынын жумушу болушун эске алуу менен баланы пландоого уруксат берген.
Мисалы, силерде шарт жок болсо, күйөөңүз иштебесе, оор абалда турсаңар, жашай турган үйүңөр болбосо, дароо эле үйлөнгөндө балалуу болуш керек дебей, бир-эки жылга жылдырып пландап турса болот. Бирок, өтө созуунун да кереги жок. Дагы бир ирет айтам, ырыскыны кудай берет.
Жалпысынан, бала үчүн керектүү шарттар болуш керек деп балалуу болууну пландоо күнөө эмес. Бирок, созуп жана кудайдан гана үмүттөнүп отура бербей, жумуш таап иштеп, балага жакшы билим берүүгө, толук шартта чоңойтууга аракет кылуу керек.