// //

Китеп окугусу келген, бирок окуй албай кыйналгандарга кеңеш

2023.04.21, 19:26
960

Жаңы баштап жатканда шашуунун кереги жок. Айталы, бир айда мынча китеп окуйм, жылына мынча болуш керек ж.б. сыяктуу пландар жарабайт. Тез китеп окуу боюнча курстарга, челлендждерге деле катышпай туруңуз. Аздан баштасаңыз, көпкө жетесиз. Болгону тмөндөгүлөрдү билип алыңыз.

Жаккан китепти тандаңыз

Ушул жерден жана азыр окугуңуз келген китептерди тандаңыз. Популярдуу же тренд болуп жаткан, бирөө сунуштады деген китептер жарабайт. Биринчиден, физикалык жактан сиз үчүн эч нерсе оңунан чыкпайт. Экинчиден, процесс катары окуудан жийиркене баштайсыз. 

Ар дайым жаныңызга китеп алып жүрүңүз

Эгер сумкаңызда оор көлөмдөгү китепти көтөрө албасаңыз, аны телефонуңузга электрондук вариант кылып жүктөп алыңыз. Окуганга принципиалдуу мамиле кылуунун кажети жок, мисалы, дүкөндө өз кезегиңизди күтүп жатып, бир нече баракты окуп койсоңуз болот.

Каалаган убакта оку

Эгер учурда колуңузга китеп алгыңыз келбесе, албаңыз. Жашоодо өз эркибизге каршы көп нерселерди жасоого туура келет. Алардын тизмесине окууну кошпоңуз. Каалаган убакта окуңуз.

Тандаган китептериңизден уялбаңыз

Акылдуу көрүнөм деп дүйнө классикалардын, калың, сыйлыктарга ээ болгон романдардын жана бестселлерлердин тегерегинде эле айлана бербеңиз. Эмнеси болсо да, жактырган китебиңизден уялбаңыз.

Жаныңызда калем, маркер же карандаш болсун

Маанилүү көрүнгөн нерселердин баарын белгилеңиз. Окуганыңыз тууралуу оюңузду четине же өзүнчө дептерге жазыңыз. Бул тексттин мазмунун жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

Китеп жакпаса, таштап коюудан коркпоңуз

Көптөр баштаган ишин аягына чыгарбай калганы үчүн өздөрүн күнөөлүү сезишет, бирок бул, таң калыштуусу, нормалдуу. Эсиңизде болсун: сиз каалаган убакта текстке кийинчерээк кайтып келе аласыз, бирок азырынча башка нерсеге өтүңүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт