// //

"Ким менен жаттың эле?" Гинекологго баргандан корккон окурмандардын окуясы

2023.04.19, 12:03
4352

Биз ар дайым окурмандарыбыздын оюн угуп, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүп келебиз. Албетте, анонимдүүлүктү сактоо менен. Бул ирет алар гинекологго баргандан эмнеге коркорун, кантип бул коркуудан арылгандары менен бөлүштү. Окуяны окугандар жалгыз эмес экенин түшүнүп, корккон башка аялдар да бардыгын көрө алышат.

Айзада, 27 жаш

"Жаш кыздар силердин эмне кылып жүргөнүңөрдү билем, калп айтпа мага!" Ошол кабинеттен чыгып кеткиче шашкам. Айызым катуу ооруп келчү. Анда 20 жаштарда элем. Биринчи жолу гинекологго барышым. Студент болчум. Аябай орой эже туш келип калды. Кагып-силкип жатты. Креслого жатайын дегенде, "айыз инфекция киргенде ооруйт, ар ким менен жүрөсүңбү" дегенинин унутпайм. Толтура дары жазып берип, чыгарып салган. Эртең келип анализ тапшырышымды айткан, барбай койдум. Ичим жаман болуп, гинекологдорго баргандан коркуп калгам. Көпкө чейин барбай жүрдум. Бирок оорум чыдатпай баштаганда кайра башка жакка бардым. Сонун эже туш келди. Айыз эмне себептен ооруп келе турганын айтып, жакшы кабыл алды. Ошондо коркуум жоголду. Бардыгы бирдей эмес деген туура экен. Азыркыга чейин ошол эжеге барам. Өз гинекологумду таптым.

Алтынай, 34 жаш

Мен курактууларды уят сезими менен катуу тарбиялашкан. Поликлиникага апам менен барганда гинекологдун кабинетинде турган аялдарды башкача карачумун. Ал кабинеттен тез өтүп кетким келчү. Мен гинеологдон эмес, элдин пикиринен коркчумун. Балалуу болгуча гинекологго басып барган эмесмин. Кээде буга өкүнөм. Анткени, айрым оорулар кеч аныкталды. Азыр барып турам. Анын үстүнө курбум гинеколог. Коркууларымды айтсам дароо аргументтер менен көзүмдү ачып коет.

Мээрим, 18 жаш

Апама рахмат. Гинекологго эмес, мага ишенгенине рахмат. Биринчи этек кирим 16 жашымда келди. Аябай оорутуп, кан көп акты. Апам жумуштап шаарга кеткен. Мени таежем алып барды. Гинеколог жаман суроолорду берип, ар ким менен жүргөн жокмунбу сурай баштады. Ичимдин ооруганынан жооп бере албай жатсам, "мына" деп кайра күчөдү. Үйгө ыйлап келип апама чалып айттым. Дароо жетип келди. Шаарга алып барып, башка гинекологдорго көрсөтүп, дарыларды, "лечения" жаздырдык. "Кызым, көңүлүңө алба" деген сөзү эле мага күч болду. Апам мага ишенди. Биринчи гинекологго барганым ушинтип эсте калган. Коркууч кийинчэреек кетти.

Сиз биринчи гинекологго барган күнүңүз эсиңиздеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт