// //

Таенем кооз ич кийим кие албай калганына өкүнгөн. Таенелер тууралуу 6 окуя

2023.04.18, 10:43
1302

Салам, достор! Бүгүн жүрөгү ушунчалык чоң, колу ушунчалык жумшак, тамагы ушунчалык даамдуу адамдар тууралуу, тактап айтканда таенелер тууралуу баяндарды жарыялайбыз. Окурмандарыбыз өз таенелерин эстеп берди. Сиз дагы комментарийге ой бөлүшүңүз.

Күйөө бала

Таенем кичинекей  кемпир эле. Сагындым. Сексенден ашса дагы ушундай тың болчу. Сагындым. Ооруса дагы төшөккө жатчу эмес. "Бир жерим ооруп жатат" дечү эмес. Балким ошон үчүн оор дартын кеч билип калдык. Арман кылганым, менин күйөөгө тийгенимди көрбөй калды. "Апа, күйөөгө тийсем сизге эмне алдыртып берейин" деп калсам, "Магабы? Койчу ай, кайдагыны айтпай. Мага эч нерсенин кереги жок балам, силер бактылуу болсоңор болду" дечү. Таене, мен бактылуу болдум. 

"Кружево"

"Мынча кооз!" Таенем менен көлгө барганбыз. Менин ич кийимим "кружево" эле. Таенем аябай суктанып карады. "Кий, ушундайларды кий, кийин мага окшоп өкүңөсүң" деди. Түшүнбөдүм. "Биздин убакта кайдан мындай нерселер, жанагы кинолордон эле көрчүк. Бир жолу сатып алдым. Бирок, тартынып эч кие албай койдум. Ошону менен бир жерде жатып, кийин жоголуп кетти. Башым жок да. Эми минтип өкүнүп калам. Баары убагы менен болгон жакшы экен балам. Кооз нерселерди өзүңдөн аябай кие бер. Мынча кооз. Элди ойлогон мен жинди ай." Таенем "кружево" ич кийим кийбегенине өкүнгөнүн ошондо билдим. Эх...

Боз шорпо

Таенемдин шорпосу жагат. Боппоз, даамы жок. Гүлчө, жумуртка, болду. Керагазга бышырган наны менен жесең, дүйнөнүн эң бактылуу адамы болосуң. Приправа сыяктуу ар нерсени кошконду жактырбайт. Эки, ашып кетсе үч нерсени кошот. Болду. Бардык сыйкыр колунда.

Бет аарчы

Базар. Колумда балмуздак. Жанымда картошка көтөргөн таенем. Кызык, эмнегедир үнсүз басып баратабыз. Бирок, таенемдин оюу бош эмес экенин сезип жаттым. Балмуздагым ээрип, колуман ылдый чыканагыма ага баштады. Таенем ай, бет аарчысын алып чыгып колумду, андан кийин оозумду, анан мурдумду сүрттү, алаканы менен эки бетимден кармап туруп катуу өөп койду. Ошол бет аарчынын жыты дале эсимде. Кемпир жыттанган бет аарчы эле. Сагындым.

Жөжөм

Колу, буту татуировка, чачынын жарымы кырылган, жарымы сары, кулагынын баары сөйкө, тешилбеген орун калбаган, ой, тилинде дагы пирсинг бар экен. Музыкасын угуп жай басып баратты. Ал бактылуу эле. Ал кандай болсо ошондой эле. Өтүп бараткандар аны бузулган кыз деп ойлошту. Бирок, ал андай эмес эле. Ичинин тазалыгы көздөрүнөн көрүнүп турду. Жанымда таенем бар болчу. Бир саамга аны карап турду дагы, "жакшы адам экен" деп шыбырап койду. "А мен коркуп кеттим" десем, "жөжө, мындай адамдан эмес, мыйыгынан жылмайып, ичиндеги арамдыкты көрсөтпөй, жакшы көрүнгөн адамдан коркуш керек, булар кандай болсо ошондой, жашырынбайт" деди. Таенемди сагындым...

Билбейм дебе

"Колуңдан келет балам!" Билбейм десем таенем катуу урушат. Баарын үйрөнсө болот дейт. Өзү турмушка мектепти бүтөөрү менен чыгыптыр. Секелек кыз бир дагы жолу "билбейм" деген эмес экен. Көргөнүн жасай берчү экен. Мен жалкоолонуп "билбейм" деп качсам, жетелеп келип кайра жасатчу. Билген нерсеңди үйрөтүү керек экенин дагы таенемден үйрөндүм. Жакшы көрөм да, таенемди. Көрсөтүп берет, карап турат, окшошпой жатса дагы көрсөтүп берет. "Кел балам, могуну үйрөтчү" деп телефонун көтөрүп келет. "Билбейм" бул жалкоолордун сөзү" дейт таенем. Таенеме кошулам. 

Сиздин таенеңиз кандай?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт