// //

Жигитим "өмүр бою эч кимге үйлөнбөйм" деп чечиптир. Эмне кылсам болот?

2023.03.15, 13:41
4775

Саламатсызбы! Сүйлөшкөн жигитим бар, 27 жашта. Анын негизги кемчилиги жашоодон коркот, элдин сөзүн угуп, апасынын айтканы менен оокат кылат. Ошентип жүрүп ортодо калат. Мисалы мындай окуя болду, үйлөнөлү деп чечтик, апасы макул болду. Бирок сен окушуң керек да, деп кечке нерв болду. Шаарга кел десем да болбойт. Анан эле, өмүр бою үйлөнбөйм эч кимге деп чечтим, деди. Андан тышкары мен айткан нерселерди жаса, деп менден доолай берет. Алсыз жери ак көңүл, өтө боорукер, чечкинсиз. Бул нерселерди кантип өзгөртсө болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.03.2023, 13:41

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Биз башка адамды анын каалоосу болбой туруп эч убакта өзгөртө албайбыз. Эгер сизге анан чечкинсиздиги, ак көңүлдүгү жакпаса, мындай адамдар ачууңузду келтирсе, анда эмне үчүн аны өзгөртүүгө умтулуп жатасыз? Эмне үчүн купулуңузга толбогон жигит менен мамиле куруп, ага баш кошкуңуз келет?

Ал ошондой киши, кулк-мүнөзү калыптанып калган. Ал сизден мени өзгөрт же мага жардам бер деп сурандыбы? Өзгөргүсү келсе, өзү өзгөрөт. Күчкө салган болбойт.

Жигитиңиз чечкинсиз экен, сизге үйлөнбөйм деп чечти. Балким сиз үчүн анын мындай чечимди кабыл алганы бир чети жакшы болгондур. Ар нерсеге күмөн санаган, куру эле сары санаага баткан, өзүн жаш баладай алып жүргөн адам менен түтүн булатуу оор.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт