// //

8-март күнү күйөөм бир кызды жетелеп келди

2023.03.06, 14:28
8126

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Дүкөнгө түшүп баягыда көрүп койгон көйнөктү сатып алдым. Андан чыгып салонго бардым, чачымдын учун кырктырып, эс алып калдым. Тырмагымды боеттум. Жолдон келатып дүкөнгө кайрылып продукт сатып алдым. 

Кечки саат 20:00. Күйөөмдү күтүп отурам. Бүгүн романтикалык тамактануу кылабыз деп сүйлөшкөнбүз. Адатта, 8-март күнү эки жакка чыгабыз. Бул ирет үйдө болууну чечтик.

Эшик такылдады. Чуркап чыктым. Токтоп калдым. Күйөөм 2-3 жашар баланы жетелеп алыптыр. Кимдин баласы?

- Сага көптөн бери айталбай жүргөм.

Шарт бурулуп кирип кеттим. Андан аркысын уккум да келбеди. Шамды өчүрүп жарыкты күйгүздүм. Суу ичтим. Жүрөгүмдүн добушу сыртка угула баштады.

- Бул апаң болот, балам.

- Апаң? Менден сурабай эле апа кылып койдуңбу?

- Жаным, мени угуп турсаң.

- Апасы кайда?

- Жаным, антпечи, баары башкача...

- ...

- Балдар аянтынан өтүп баратып балдарды карап суктанганыңды билем. Кошуналар балдарын таштап кетсе сүйүнгөнүңдү билем. Туугандар "Качан?" дегенде ыйлаганыңды билем. Мен баары бир сен тарткан азапты тартпайм. Аттиң, сенин ордуңда болуп, ооруңду колдон алгым келет. Жаным, сага айтпай документ тапшырып койгом. Жакын арада коммиссия экөөбүздү тең чакырат. Ага чейин баланы алып, кичине сейилдетип келейин деп көшөрдүм. Кызыбызды кантип майрамы менен куттуктабай коем. 

Мен ошондо түшүндүм. Бурчта коркуп турган кичинекей кызды көрдүм. 

- Келегой, апаңа келегой.

Чуркап келди. Боорума катуу кыстым. Көз жашым көйнөгүн суу кылды. Мен апамын. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт