// //

Баласына упчу берип, ходунокко салган ата-энелер үчүн маанилүү маалымат

2023.03.01, 17:06
2765

Педиатр Диляра Искакова ымыркайлардын ден соолугу тууралуу эл арасында айтылып жүргөн мифтерди жокко чыгарды. Анын бул тууралуу видеосу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Telegram-каналына жайгаштырылган.

1-миф. Жаңы төрөлгөн бала көрө албайт

Чындык: Бардык балдар төрөлгөндөн кийин көрөт, угат. Болгону көрүүсүн бир жерге фиксация кыла алышпайт. Ошондуктан, дарыгерлер бир айында көрүүсү бир жерге токтодубу же жокпу текшерет.

2-миф. Ходунок балага басканды үйрөтөт

Чындык: Көп ата-энелер баласы жөрмөлөй баштагандан кийин, алсак 6-9 айынан баштап ходунокторго салышат. Бул баланын сөөктөрүнө терс таасир этет. Кийинчерээк балада сколиоздун ар кандай түрлөрү пайда болушу мүмкүн, омурткасы гана эмес, бутунун сөөктөрү да кыйшайып калат. Бул куракта баланын организми али бутка турууга даяр эмес. Бала бир жаштан кийин басышы керек. Ага чейин ходунокко салып мажбурлаган туура эмес. Бала баса баштаганда, ходунок сыяктуу кандайдыр бир нерседен көз каранды болбойт. Бул физиологиялык процесс. Негизинен  эле баланы ходунокко отургузуунун кереги жок.

3-миф. Упчунун балага зыяны жок

Чындык: Балдарга упчу такыр бербеш керек. Биринчиден, бала эмчекти нормалдуу эме албай калат  жана салмакты начар кошот. Экинчиден, инфекция жуктуруп алуу коркунучу бар. Балага жугуштуу оору упчу аркылуу кирет. Ошондон улам, упчу эмген балдарда ичеги-карын оорулары жана ар кандай стоматиттер көп кездешет. 

4-миф. Чачы коюу болушу үчүн ай сайын кырып туруу керек

Чындык: Педиатрлар чачты кырууну такыр сунуштабайт, анткени бул баштын терисинин жараланышына, инфекцияга, ар кандай көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, чач кырылгандан кийин кайра калың болуп чыкпайт. Бул болбогон кеп.

5-миф. Буттары түз болуш үчүн бекем ороп коюш керек

Чындык: Бекем оролгон бала нормалдуу болуп өспөйт, боюнда көйгөйлөр болуп, тескерисинче, буттары ийри болуп калышы мүмкүн. Баланын буттары түз, бою узун болуш үчүн энеси ага эмчек гана бериши керек. Ошол эле учурда рахитти алдын алуу үчүн бир айлык жашынан баштап Д витаминин берүү сунушталат. Дөңгөлөк сымал же X түрүндөгү буттар рахиттен болот. 

Сиз кандай мифтерди билесиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт