// //

Ачка болгон баласына суу берет. "Бадам апалар" деген кимдер?

2023.03.01, 12:12
1275

Кээ бир ата-энелер өздөрү байскабастан, балдарына туура эмес тамактанууну үйрөтүшөт. Мисалы, кечки саат алтыдан кийин жебе, ачка болсоң дагы чыда ж.б. дегендей. Жакында Tik Tok социалдык тармагында, дал ушундай тарбиялоо ыкмасын колдонгон ата-энелерге реакция катары “бадам апа” түшүнүгү пайда болду. Биз бул эмне экенин айтып беребиз.

"Бадам апалар" кимдер?

"Бадам апа" - диета, салмак, арыктоо менен алек болгон жана балдарына ошол адаттарды сиңирген апа. Баланын фигурасын көзөмөлдөп, тамак-ашын чектейт, ачка болсо суу ичүүгө кеңеш берет, арыктап кетсе мактайт.

"Бадам апа" түздөн-түз өзүнүн же баласынын сырткы көрүнүшүн сындабайт, бирок башкалардын сырткы көрүнүшүнө терс комментарий бериши мүмкүн.

Ашыкча салмагы барларды көрсөтүп,  "бочка", "уй", "семиз" деген ачуу сөздөрдү айтат. 

Мындай ата-энелер балдарын модель же белгилүү кылгысы келет, ошого ылайыктуу курстарга жөнөтөт. Баласы ачка болсо, "бадам апа" өзү пайдалуу деп ойлогон тамакты сунуш кылат: жашылча, фитнес-батончик ж.б. Баласы таттууларды жана башка тез углеводдорду жеп албаш үчүн бардыгын жасаганга аракет кылат.

Бул термин кайдан чыккан?

"Бадам апа" деген термин 2022-жылдын сентябрында Tik Tok платформасына чыккан роликтин аркасы менен популярдуу болгон. Анын каарманы Иоланда Хадид учурдагы эң атактуу эки модель - Гиги менен Белла Хадиддин апасы, убагында өзү дагы модель, актриса болгон. 

2014-жылдагы "Чыныгы кожойкелер" тасмасынан үзүндү болгон видеодо, ал кезде 18-19 жашта болгон Гиги апасына телефон чалып,  эртеден кечке бадамдын жарымын гана жегенин, өзүн алсыз сезип жатканын айтат.

Ошондо Иоланда кызына "дагы эки бадамды жай жана жакшы чайнап же" деп кеңеш берет.

Өзүңүздөр түшүнгөндөй, баары Иоланданын ушул жообунан башталат. Тik Tok колдонуучулары Иоланданын тарбиялоо ыкмаларын айыптап, комментаторлор "мындай кеңештерден улам балдардын тамактануу адаты бузулат" деп жазып чыгышкан.

People басылмасына берген маегинде Иоланда бул цитатаны "контексттен ажыратылган" деп атаган: "Операциядан кийин уйкум келип жаткан, эмне үчүн ага эки бадам же деп кеңеш бергеним эсимде жок. Чыныгы жашообуз менен эч кандай байланышпайт."

Ошого карабастан, Иоланда Гигинин тамактануусуна бир нече жолу чектөө киргизген: көп учурда анын диетада экенин эскертип, тамак жебегени же кичинекей порция жегени үчүн мактаган. 

Адистер эмне дейт?

Кээ бир ата-энелер өспүрүм кыздар менен балдарда салмактын өзгөрүшү нормалдуу көрүнүш экенин, бул гормоналдык өзгөрүүлөр менен шартталганын түшүнбөйт. 

Өспүрүм таттуу менен фаст-фудду көп жеп, ушуларга гана кызыга баштаганда кескин салмак кошуусу мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш, өтүп кетет. Келечекте өзүнүнүн үстүнөн иштеп, кошумча физикалык активдүүлүктү кошкондо салмагынан арыла баштайт. Бул үчүн өспүрүмдөргө убакыт талап кылынат.  

Мектеп окуучуларынын өзгөчө активдүү жашоо образы жок экенин түшүнүү керек, андыктан аларга чоңдорго караганда салмак кошуу оңой.

Балдар менен адамдардын ар кандай экени жөнүндө сүйлөшүү абдан маанилүү. "Ар бир адамдын көзүнүн түсү, салмагы, формасы, териси ар түрдүү болот, бул нормалдуу көрүнүш" деп айтуу зарыл. Балага тамак-аш менен туура мамиле түзүүгө жардам бере турган маалыматтар менен бөлүшүү зарыл. Мисалы, тамак-аш жөнүндө илимий китептер: организмге эмне үчүн майлар, углеводдор, белоктор керек, мунун баары денеде кантип бөлүштүрүлөт жана бул заттардын балансы эмнеге таасир этет ж.б. 

Балдарга кичинесинен баштап тамак жасаганды үйрөтүү пайдалуу. Көбүнчө өспүрүмдөр өздөрүнө бир нерсе жасай алышпайт. Биргелешип тамак-аш даярдоо процессинде аны менен туура тамактануу жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

А сиз кандай ата-энесиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт