// //

Башка бирөөгө нике кыйдырып алган күйөөмдү кантип кечирем?

2023.02.25, 12:38
9239

Күйөөм мага билгизбей бирөө менен жүрүп кетиптир. Анын боюнда болгондо экөө нике кыйдырышыптыр. Ал уул төрөптүр, бирок фамилиясын бербептир. Мен билип калып "аны танда же мени танда" десем, "сени тандайм" деп ага талак берди. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда 3 уулубуз бар. Мага мамилеси жакшы. Мени сүйүп алган.

Ал аял эки күйөөдөн чыгыптыр, эки күйөөдөн тең төрөптүр. Күйөөм жалынып атат. Бирок мен жибибей уруш чыгарып атам. Кандай кылсам унутам? Сабактарга катышсамбы дейм. Анан силерге кайрылып жатам. Психологдон кеңеш алгым келет. Рахмат алдын ала!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2023, 12:43

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы!
Болуп өткөн окуяларда ал ымыркайдын күнөөсү жок экенин билиңиз. Эгер өз атасын таанып, мамиле куруп турса бала үчүн бул жакшы болот.

Ал эми сиздин жолдошуңуз менен болгон мамилеңизде көптөгөн эмоциялар, капачылык, ишенбестик калып калган сыяктуу. Мындай учурда сизге жеке же болбосо үй-бүлөлүк консультация алып, мамилеңиздин үстүнөн иштешиңизди кеңеш бермекмин. Себеби өткөн окуяларды кабыл алып, жаңы жашоо баштоо сизге да, үй-бүлөңүзгө да жакшы таасир берет. 

Сизге ийгилик каалайм!

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт