// //

Ар нерсеге күмөн санай берем

2018.02.20, 09:53
1922

 

Жүрөктөгү, ойдогу ар нерсеге, окуяларга, кыймыл аракеттерге, ар кимге болгон шек-күмөн саноолорду кантип жоготсо болот? Мисалы эшикти жаптымбы же жокбу? Ваннадагы сууну токтоттумбу же жокбу? Ушул сөздү айтпашым керек эле жана башка ушул сыяктуу кайра-кайра текшерип ойлонуп эле өзүмдү жемелеп жүрө берем. Өзүмдү эркин сезе албайм. Дайыма кабатырланган абалда жүрөм. Эмне кылсам болот? Ошолорду ойлонуп, башым ооруп, кээде жүрөгүм да дүкүлдөп тез-тез согуп калат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.02.2018, 10:14

Кадыр Маликов

Теолог

 

Ислам дининде эрежелер бар. Ал эреже боюнча ишенимдүүлүк өзүңдүн күмөн санооңдун айынан күмөнгө алынбашы керек. Себеби пайгамбарыбыз айткандай күмөн саноо бул шайтандан берилет. Шайтан биздин тынч жашоодо өмүр сүрүүбүздү каалабайт. Ал дайым күмөн аркылуу биздин жашообузга улам-улам кирип турат. Адам шек санап баштаганда, туткан динин оорлотуп, ага доо кетирет. Аягында ислам динин тутпай дагы калышы мүмкүн. Алсак, жеген тамагым адалбы же жокпу, малды туура муздап жатамбы же жокпу деп олтуруп, аягында чарчап баарын таштап коюшу мүмкүн. Сизде дагы ушундай болуп жатат. Сиз күмөн санаганыңызды токтотуп, баарын колго албасаңыз, аягында акылыңыздан адашып калышыңыз мүмкүн. Бул шайтандын кылган иши. Экинчиден мен сизге жакшы психологго кайрылыңыз деп кеңеш бермекчимин. Психологияда атайын техникалар бар. Мүмкүн сизде узакка созулган стресс, депрессия болгондур. Сиз сөзсүз түрдө психологго кайрылыңыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт