// //

Ыйлап жаткан баланы бул 3 сөз менен соротуш керек

2023.02.17, 11:35
4889

Салам, достор! Буга чейин биз ыйлап жаткан балага кандай сөздөрдү айтпаш керек экени боюнча адистердин пикири менен бөлүшкөнбүз. Көп ата-энелерде "Анан кантип коротуу керек?" деген суроо пайда болду. Бүгүн ошого жооп беребиз.

Сен азыр кыйналып, коркуп, кайгырып, ачууланып жатасың

Сиз жасай турган эң негизги нерсе, баланын эмоциясынан баш тарттыруу эмес, ага эмне болуп жатканын түшүндүрүү. Бул колуңуздан келе турган жөнөкөй иш. "Сен азыр кайгырып жатасың" же "сен азыр ачуулан6ып жатасың" деген сөздөрдү айтыңыз. Бала ичинде эмне болуп жатканын билиш керек. Бул жок дегенде сезимдерин түшүнүүгө жардам берип, эмоционалдык интеллекттин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Коркуу, ачуулануу, капа болуу нормалдуу нерсе, мен сени түшүнөм, мен жаныңдамын

Сезимдерин түшүндүргөндөн кийин балага колдоо көрсөтүп, эмоциясына тыюу салбай, башына түшкөн нерселердин баарын жашашына жол бериңиз. Мисалы: коркуу, ачуулануу, капа болуу нормалдуу нерсе, мен сени түшүнөм. Балага кандай гана учур болбосун жанында экениңизди айтыңыз. 

Кел, экөөбүз бул абалдан кантип чыгуу керектигин ойлонуп көрөлү

Эмоцияны жашап өтүш керек. Бирок бир эмоцияда эле калып калуу болбойт. Андыктан кырдаалдан чыгуу жолун издеген туура болот. Бала өзү тапсын, сиз жанында болуңуз. "Кел, эмне кыла аларыбызды ойлонуп көрөлү" деп ага сунуштап көрүңүз.

Балаңызга аны жакшы көрөрүңүздү айтып турганды унутпаңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт