// //

Ыйлап жаткан балага эч качан бул 5 сөздү айтпаңыз

2023.02.13, 11:12
17088

Бул сөздөрдү көп эле ата-эне ыйлап жаткан баласына айтат. Бирок, айтып жаткан учурда балага кандай терс таасир берип жатканын аңдабайт. Ал эмне болгон сөздөр экенин төмөндөн окуңуз. 

Ыйлаба!

Ыйлап жаткан балага эч качан бул сөздү айтпаңыз. Бала муну менен ыйлаган жаман экен деп, эмоциаларын жашырганга өтөт. Бул эмоционалдык интеллекттин өнүгүшүнө зыян келтирет. Ичине баарын ката берген баланын жүрүм-турумунда дагы көйгөйлөр пайда болот. "Ыйласам ата-энеме жакпай калам " деп дагы ойлойт. 

Мени уят кылып жатасың, баары карап жатат!

Балага бул сөздү айтуу менен "сенин сезимиңе караганда, башкалардын пикири маанилүү" деген ойду калыптандырабыз. Бала өзүнө болгон ишенимин жоготуп, башкалардын реакциясына көз каранды болуп, айланасындагыларга көнүп, "жок" деп айта албай баштайт. Мындай жүрүм-турум кийин ар кандай көз карандылыкка алып келиши мүмкүн.

Ыйласаң, ушул жерге таштап кетем!

Бала бул сөздү "Мен ыйлабасам мени жакшы көрүшөт, капа болсом, мени таштап кетишет" деп кабыл алат. Бул дагы баланы ыңгайлуу кылуунун бир жолу. Кийин мындай адамдар чанда гана бактылуу жана бай болушат.

Азыр могу байке (же эжеге) алып кетет!

Муну менен балага бул дүйнө коркунучтуу жер, сени каалаган адам алып кете алат, эч кандай коргоо жок деген ойду беребиз. Балада шектенүү, тынчсыздануу, фобиялар, кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөө, алсыздык, үмүтсүздүк ж.б. сезимдер пайда болот. Мындай адам бактылуу боло алабы?

Карачы тиги баланы, сага окшоп ыйлабайт экен!

Бул баланын өздүк баасына түздөн-түз сокку урат. "Ал менден жакшы", "мен жаманмын", "аныкы туура, меники туура эмес" ж.б. деп ойлой баштайт. Өзүн төмөн баалоо депрессияга, психосоматикалык ооруларга, психологиялык туруксуздукка алып келет.

Ыйлап жаткан баланы кантип алаксытуу керек экенин кийинки маалыматта айтып беребиз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт