// //

Өсүп, өнүгөйүн дебейт. Ичкен күйөөмдөн кетип калсам кандай болот?

2023.02.14, 15:31
7011

Айылда турам, оорукчан кайын атам бар (чоң бейшеп, кичи бейшеп кылып коет). Аны карап, балдарыма мээрим төгүп мектепке бакчага жөнөтөм. Жаныма батканы жолдошум өнүгөйүн, өсөйүн дебейт. Ичет, мен билем, мен кылып коем деп аябай текебер. Мен атайын курстарга аракет кылып окусам ичип келген күнү "сенин окуганыңды мен давно эле түшүнүп койгом", деп мээмди жейт. Майда-чүйдө ар кандай сөздөрдү айтат. Зээним кейип "атамды карашыныздарчы кыйналып кеттим" деп кайын эже, кайын агаларыма айтсам  "үй силерге калат, силер карагыла", деп коет.

Жолдошум оорукчан болсо да бар экенине суйунуп атасын карабайт. Өзүм жуунтам, айлам жоктуктан уятты деле жыйыштырып койгом. Ичип тополоң кылса 102ге чалып коем, кайрале айып пулу өзүмдүн башыма балээ. Төрт баламды алып ушуларга кетирген убактымды өзүмө арнасамбы, батирлеп болсо да эркин, тынч өмүр сүрсөмбү деп ойлоном. Жашым болсо 30да.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.02.2023, 15:39

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы!
Жошоо шартыңыз аябай оор экен. Балдарыңыз эле эмес, кайын атаңыз да сизден көз караанды экен. Мындай шартта жолдошуңуздун кылган мамилеси өкүндүрөт.
Алкоголдук ичимдик үй-бүлөдө балдарга, сизге да терс таасирин тийгизет. Мындан улам чыр-чатактар да көп болот.

Көчүлүк учурда айымдар жолдошуна боору ооруп, аны жалгыз калтыра албай чыдап жашай берет. Анан да оңолуп кетет деген үмүт өчпөй тура берет. Бирок жолдошуңуздун сиз айткандай болуп өнүгүп,өсүп кетүүчү күмөндүү (маловероятно).

Мындай учурда түз кеңеш беруу өтө оор, бирок бир нече суроо аркылуу сизге жардам бере алам. Төмөндөгү суроолорго жооп берип, жообуңузду анализдеп ойлонуп көрүңүз. 

-Жолдошуңуз ичкенин токтотпосо да ал менен бирге жашоону каалайсызбы?
- Жолдошуңуз ичпеген учурда ага мамилеңиз кандай?
-Эгер сиз жолдошуңуздан кетип, батирлеп жүрсөңүз сизге жардам берчү, колдоп турчу адам барбы?
-Эгер үй жумуштарынан арылсаңыз эмне менен алек болосуз?

Мында ушул суроолорго жооп берип, кийинки кадамды кылсаңыз болот. Сизге ийгилик каалайм! 

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт