Атамда акым калдыбы?
Мен социалдык жетиммин. Төрөлгөнүмө 5 ай калганда эле ата-энем ажырашып кетишиптир. Ата- энемден жалгызмын. Кийин алар үй- бүлө курушкан. Атамдын экинчи аялынан өзүм менен тең карындашым төрөлгөн. Апам менен тайенем 18 жыл эч кимге кор кылбай бакты. 10 жашка келгенде апамды өз макулдугум менен экинчи күйөөгө тийишине себеп болдум. Мен исламдын шарттарынын негизинде, өзүмдүн ата-энемдин алдында акым бар экенин, алардын менде акысы бар экенин билем. Апам бейишимдин эшиги болсо, атам бейишимдин ортосу. Аларды ыраазы кылышым керек. Бул толук камсыздалган, ата- энесинин колунда өскөн балдар үчүн туура. А мендей болгон социалдык жетимдер үчүн кандай болот? Атам мага анча каралашпай эле. Өз балдары, аялынан артпайт. Сүннөт тоюмду чоң атамдын керээзи менен атам өткөрдү. Мен атама кандай мамиле кылышым керек? Атам сүйүүсүн деп мага зулумдук көрсөтсө деле менде анын акысы калабы? Атам менен телефондо сүйлөшүп турам, мамилем жакшы. Бирок атамдын менде акысы калдыбы деген суроо мени кыйнай берет.
Кадыр Маликов
Теолог
Исламда ата-эне жараткандын ыразычылыгын алуунун себеби. Бала ата-энеге кандай мамиле кылса, кудай таала аларга ошондой мамиле жасайт. Оба, жашоода балдарын карабай таштап койгон ата-энелер көп. Бирок жараткан баарынан сурак алат. Ошол себептүү сурак күнү деген бар. Балдар ата-эне алдында өз милдетин аткарууга укуктуу. Алардын милдети ата-энеси кандай гана болбосун, алсак ичкич, баңги колдонгон адамдар болсо дагы аларга кам көрүп, карашы керек. Биринчи орунда апа, экинчи орунда ата турат. Милдетке токтолсок, ата-эне балдарын камсыздап, тапканынын жарымын аларга бериши зарыл. Эгерде бул нерсени кылбаса сурак күнү баарына жооп беришет. Сиз кечиримдүү болуңуз, кудай алдында атаңызды кечириңиз. Жашоодо баары боло берет. Мүмкүн атаңыз сизге жетиштүү көңүл бурбаганына жүйөөлүү бир себептер болгондур. Андыктан сиз ата-эне алдында өз милдетиңизди аткара берсеңиз, жараткан дагы сиздин күнөөлөрдү кечирет.