// //

Жаңы төрөгөндө күйөөмдүн "измена" кылганын билдим. Кеңеш күтөм

2023.02.13, 14:23
9599

Саламатсызбы! Акыркы окурмандын катын окудум. Менин да жагдайым ошондой болуп турат. Бошонгонума 2 аптадан ашкандан кийин, жолдошумдун 2,5 жылдан бери көзүмө чөп салып жүргөнүн билдим. 13 жыл чогу жашадык. Буга чейин дагы алдап жүргөнүн билдим.

Учурда абалым оор. Ажырашып кетейин дейм, балдарымды ойлоп токтоп калам. Кечирем деп ойлогом, бирок 6 айдан бери оюмдан кетпей кыйналдым. Бирөө менен сүйлөшкүм келет. Албетте, мындай жагдайга кабылган жалгыз мен эмесмин. Мен биринчи да, акырды дагы эмесмин. Адиске кайрылайын дейм, бирок шартым жок. Ыйлап алгым келет. Кеңеш күтөм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2023, 14:32

Айдана Мадишова 

Психолог

Саламатсызбы!
Катыңызда "Мен биринчи да, азыркы да эмесмин" дептирсиз. Негизи ар бир адам "изменаны" ар түрдүү кабыл алат. Бири кечире алса, экинчиси кечире албайт. Айтайын дегеним, мындай учурда өз сезимдериңизди катып, жолдошуңузду кечирүү үчүн өзүңүздү зордобоңуз.

Үйүңүздө да эмоцияларыңызды айта билиңиз. Эмоцияны ичиңизге катып, жашырууга аракет кылсаңыз сиз үчүн андан да оор болот.
Жолдошуңузду кечире албасаңыз да бир үйдө жашап, балдырыңызды чоңойто берсеңиз болот. Бирок бул көптөгөн түшүнбөстүктөргө, урушка себепч болушу толук мүмкүн. Балдарыңыз да сиздин эмоционалдык абалыңыздан таасирленүүсү мүмкүн.

Азыркы учурда балаңыз менен сейилдеп, башка тааныштарыңыз менен баарлашып, балдарыңызга көңүл бөлүүгө аракет кылыңыз. Күнүнө бир жолу болсо да өз эмоцияларыңызды чыгарууга аракет жасаңыз.
Сизге ден-соолук каалаймын. 🌸

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт