Өзүмдү каргайм. Баламды уруп, сокконум үчүн өкүнүп жүрөм
Саламатсызбы! Мен жакында гана төртүнчү баламды көз жардым. Чоң уулумду кичинекей кезинен эле уруп, согуп катуу чоңойттум. Оюмда баланы катуу кармаш керек деген болсо керек. Ал убакта кайын журт деле акыл айтпаган экен. Чогу жашачу элек. Менден чоң абысыным да бар эле же өзүм деле түшүнгөн эмесминби билбейм. Ушул кош бойлуу кезимде ошол күндөрүм эсимден кетпей аябай кыйналып, ал тургай ыйлап да жүрдүм. Өзүмдү ушунчалык жек көрүп, эми дагы ошол күндөрүм эсимден кетпей, өзүмдү күнөөлөп сыгылып ыйлай турган болдум.
Психологго барсамбы дейм, бирок азыр шартым жок. Кантип өзүмдү кечирем, эмне кылсам болот? Билем азыр элдер комментарий жазышы мүмкүн "чала сага, баланы урсаң ошондой болот, колуң сынгыр", деген сыяктуу. Өзүм да өзүмдү ардайым ушинтип каргап келем.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы!
Ооба, көп учурда ата-энелер баламды каттуу кармасам жакшы болуп чоңоёт деген ишеним менен жашашат. Себеби бизди да көпчүлүгүбүздүн ата-энелерибиз ушинтип тарбиялаган. Андан сырткары ата-энелер үчүн бала тарбиялоо туурасындагы китептер жеткиликтүү эмес. Ошондуктан улуу балаңызды табриялоодо ката кетирген болууңуз мүмкүн. Мындай учурда өзүңүзгө түшүнүү менен аракет кылыңыз. Сиз ал учурда кантип туура тарбия бериш керектигин билген эмессиз. Бул үчүн өзүңүздү күнөөлөдөн алыс болуңуз. Азыр деле ал балаңызга сүйүү берсеңиз кеч болбойт.
Сиздин абалыңыз төрөттөн кийинки депрессиянын симптомдоруна окшош экен. Бул учурда адамдын жашоого болгон кызыгуусу азайып, өзүң күнөөлөп, көп ыйлап калат. Бул макаланы окуп көрүңүз же адис менен кенешиңиз. Бекер консультация берген психологиялык борборлорго кайрылыңыз.
https://bilesinbi.kg/article/155_Torotton_kiyinki_depressiiadan_chygyy_joldory/
Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.