// //

Өзүмдү бактысыз сезем. Ичкиликке берилген күйөөм менен кантип ажырашам?

2023.02.09, 13:44
6142

Күйөөм менен ажыраша албай жатам. Келечектен корком, балдар эмне болот дейм. Ал ичип алып бирдемелерди чукулап сүйлөп нервге тиет. Мас болсо эле кыздарга жаза берет. Аны окуп алып кайра нерв болом.

Чогу жашаганыбызга 10 жылдан ашты. Урушкан сайын ал же мен "ажырашалы" дейбиз. Ажырашканымды элестетип, балдарымды ойлоп боорум ооруп морально чарчадым. Убакыт өтөт, кайра эч нерсе болбогондой сүйлөп баштайт, мен да чарчаганымдан, балдарды ойлогонуман "мейличи" деп жашай беребиз. Кайра ичип алганда башталат. Ошентип "замкнутый круг" болуп жүрөбүз.

Мен өзүмдү бактысыз сезем. Ичкенде башка аялдарга жазганына караганда ал да ошондой болсо керек. Эмне кылышымды билбей калдым. Кеңеш берңииздерчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.02.2023, 13:48

Айдана Мадишова

Психолог

Саламатсызбы!
Бардык эле учурда ажырашуу маселени чече бербейт. Биричи кезекте жолдошуңуз менен болгон мамилеңизди анализдеп көрүңүз. Кээ бир учурда үй-бүлөдө кризис болуп, жубайлар бир-биринен алыстап кетишет. Эгер жолдошуңузду жакшы көрсөңүз, ал да сизди жакшы көрсө кыйынчылыкты жеңүү үчүн башка жол издеп көрүңүз.

Ал эми жолдошуңуз да, сиз да ажырашууну туура көрсөңүздөр анда алгач план түзүп алууңуз керек. Кайсыл жерде жашаймын, кайсыл жерде иштеймин, эмне менен алек болом деген сыяктуу.

Негизи жаңы жашоо башоо коркунучтуу сезиле берет, бирок иш жүзүндө адамдын колунан көп нерсе келет. Сиз да бул оорчулукту жеңип, жашооңузду өз нугуна салып аласыз деп ишенемин.

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт