// //

Коркпоңуз. Жер титирөө учурунда буларды аткарыңыз

2023.02.08, 12:19
6978

Салам, достор! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керектигин билесизби? Бул эрежелерди билип алуу ар бирибиздин милдетибиз. Кошумча маалыматыңыз болсо комментарийге жазыңыз. 

1 - Коркпоңуз

Жер титирөө учурунда биринчи кезекте тынчтаныңыз. Паникага алдырып, айланаңыздагы адамдарды дагы коркутпаңыз. Өзүн көзөмөлдөй алган адам туура кадамдары жасайт. 

2- Өзүңүздүн абалга баа бериңиз

Эгер үйдүн ичинде болсоңуз коопсуз делген жерге тура кылыңыз. Мисалы, столдун, керебеттин алдына кириңиз. Же болбосо башыңызды эки кол менен жаап босогонун алдына тура калыңыз. Терезе, күзгү же  башка оор буюмдардын жанына турбаңыз. 

Эгер уктап жаткан маалда жер титирөөнү сезсеңиз түйүлдүктүн абалында жатып, башыңызды жаздык менен жаап алыңыз. 

3- Электр жарыгы болгон аймактардан алыс болуңуз

Эгерде жер титирөө көчөдө же соода борборунда жүргөндө болуп калса, чуркабаңыз. Жөн гана электр мамыларынан, терезелерден, имараттардан жана кулап түшүшү мүмкүн болгон нерселерден алыс болуңуз. Мындайда лифт жана башка электр энергиясы менен иштей турган нерселерди колдонбоңуз. 

4- Унаа айдап бара жатсаңыз токтотуңуз

Унаанын ылдамдыгын азайтып, коопсуз аймакка токтоңуз. Көпүрө, бийик имараттардын жанына токтобоңуз. Жер силкинүү бүткүчө унаада болуп туруңуз. Эгер автобуста болсоңуз чыкканга шашып, дүрбөлөң кылбай, ордуңузда калыңыз. Өзүңүздү түйүлдүктүн формасына келтирип, башыңызды колуңуз менен жаап коргонууга аракет кылыңыз. 

5- От койбоңуз

Жер титирөө учурунда шам же ширеңке сыяктуу нерселерди күйгүзбөңүз. Мындайда газ түтүктөрү титирөөдөн улам жарака кетиши же сынып калышы мүмкүн. Албетте, бул чоң кырсыктарга алып келет. 

Бул эрежелерди билип алуу ар бирибиздин милдетибиз. Башкаларга бөлүшө кетиңиз. 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт